Меню
Эл-Сөздүк

аз

аз I
мало, немного, небольшое количество;
аз эмес не мало;
аз да болсо, көптөй көр хотя и мало (я дал, сделал), прими за многое;
азга или бир азга некоторое время, через некоторое время;
азга турган соң калтырап үшүй башташат немного постоят и начинают зябнуть и дрожать;
сакалын сылап, бир азга кулак салып турду он некоторое время слушал, поглаживая бороду;
бир аздан или бир аздан соң или бир аздан кийин через некоторое время, немного времени спустя;
аз калды
1) уже мало осталось;
2) чуть было не...; уже вот-вот было...;
мен жыгылганы аз калдым я чуть было не упал;
өлөрүнө аз калды он близок к смерти;
аз калдык
1) нам уже близко (до места, до цели);
2) мы уже вот-вот было...;
аз эле жерден чуть было не...;
уруша кетүүгө аз эле жерден калдым я чуть было не подрался;
ал да аз келгенсип или мунусу да аз келгенсип или анысы да аз келгенсип мало того, что..., но ещё и...; считая, что даже и этого как будто мало;
азын-көбүн или көбүн-азын немного, до некоторой степени; сколько полагается;
азын-көбүн ызаттап оказав некоторый почёт;
аздыр-көптүр много ли, мало ли (но всё же)...;
аз-маз немножечко, чуточку;
аз-аздап понемногу, постепенно;
бардыгынан аз-аздап обо всём понемногу, коротко обо всём.
аз- II
1. сбиваться с пути, совращаться;
элинен азган жигитке эртелеп өлүм эп экен фольк. парню, оторвавшемуся от своего народа, самое подходящее - скорая смерть;
азып-тозуп жок болду разлетелось в пух и в прах; разбрелись по миру;
азган-тозгон голодный и холодный, вконец изнемогший;
2. худеть, истощаться;
өңүнөн азды он побледнел, он похудел;
3. беднеть, разоряться;
азаматтын азганы - көчкөндө жөө басканы фольк. признак обеднения молодца - его пешее хождение при перекочёвках;
азган менен тозгондон, ата-энеден бозгондон фольк. из оборванцев и из тех, кто от родителей отвратился;
ашыккан - азат, тойбогон- тозот погов. торопливый заблуждается, ненасытный разоряется.

аз

  • a little
  • awhile
  • little
  • slightly
  • аз

    аз (ас эмес) (такт.)
    аз-аздап
    аз гана
    аз да болсо
    аз кандуулук
    аз эле
    азы-көбү

    аз

    I такт. Көп эмес, белгилүү өлчөмдөн кем, жетишсиз. Жигитке жетимиш түрдүү өнөр да аз (макал). Акылсызга ар качан Айткандарың баары аз (Барпы).
    Бир аз — анча-мынча, көп эмес. Таң калбаңыз менин ушул алыма, Олтур, аяш, бир аз менин жаныма (Аалы).
    АЗ II этиш. Тентүү, каңгуу, бозуп кетүү. Азып кетип айылдан Абаке Кошой акыры Аман көрдүм өзүңдү («Манас»). Калкымдан аздым көрүнбөй, Кайгы көп ичтен бөлүнбөй (Токтогул).
    АЗ III этиш. 1. Арыктоо, жабыгуу, жүдөө, этинен-өңүнөн түшүү. Атанын сакалдары бириндеп, эриндери кумсарып азып калды (Сыдыкбеков). Көптөн бери жол жүрүп, өзүбүз азып калдык (Элебаев).
    2. Абдан кедейленүү, жардылануу, жакырдануу. Азаматтын азганыкөчкөндө жөө басканы (макал).

    аз-

    аз-, азса, азчы
    азып-арып
    азып-тозуп
    Негизги мүнөздөмөлөрү
    Сөз түркүмүЗат атооч
    Жекелик саназ
    Көптүк саназдар
    Жөндөлүшү - "аз"
    Жекелик сан
    ЖөндөмөлөрЖекелик сан
    Атооч Ким? Эмне?аз
    Илик Кимдин? Эмненин?аздын
    Барыш Кимге? Эмнеге?азга
    Табыш Кимди? Эмнени?азды
    Жатыш Кимде? Эмнеде?азда
    Чыгыш Кимде? Эмнеде?аздан
    Көптүк сан
    ЖөндөмөлөрКөптүк сан
    Атооч Кимдер? Эмнелер?аздар
    Илик Кимдердин? Эмнелердин?аздардын
    Барыш Кимдерге? Эмнелерге?аздарга
    Табыш Кимдерди? Эмнелерни?аздарды
    Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?аздарда
    Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?аздардан

    Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
    strtoupper(KG)


    Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

    RU


    Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

    RU
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: