Меню
Эл-Сөздүк

преступление

ср.
кылмыш, кыянат;
государственное преступление мамлекеттик кылмыш;
поймать на месте преступления кылмыш үстүндө кармап алуу, кылмыш үстүнөн чыгуу.

Преступление

КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик). Мыйзамда каралган кандайдыр бир жосундун белгилери бар, бирок анчалык маанилүү болбогондугунан улам, б. а. инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирбеген жана коркунуч туудурбаган аракет же аракетсиздик К. болуп эсептелбейт. К. мүнөзүнө жана коомдогу коркунучтуулук даражасына жараша чоң коркунуч келтирбеген К., анча оор эмес К., оор жана өзгөчө оор К. болуп бөлүнөт. Кол салуу объектилерине жараша К-тар: инсанга каршы К., экономика чөйрөсүндөгү К., коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы К., мамлекеттик бийликке каршы К., аскердик К. жана тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы К. болуп бөлүнөт. Күнөөнүн түрүнө жараша – атайын жана байкоосуздан жасалган кылмыш болуп бөлүнөт.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: