Меню
Эл-Сөздүк

кылыч

меч, сабля;
эки миздүү кылыч палаш;
жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап погов. после драки кулаками не машут (букв. когда враг удалился, мечом навоз руби);
кылыч шилте-
1) взмахивать мечом;
2) рубить мечом;
кылыч шилтен, жаа тарткан фольк. он рубил мечом и стрелял из лука;
кылычтын мизи лезвие меча;
кылычтын мизине ал- предать мечу;
кылычтын мизин жала- или кылычтын мизин жалмала- (в эпосе) клясться на мече (букв. лизать лезвие меча);
саадак огун кармалап, кылычтын мизин жалмалап, антын кылып калды эми фольк. пощупав стрелу, полизав лезвие меча, он поклялся;
кылычтын мизин жалаш- взаимно поклясться друг другу на мече.

КЫЛЫЧ

Ал өрмөк согуучу тактай курал. Кылычтын узундугу болжолдо 45—55 см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы 3—5 см, бир кыры жукартылган сабы бар бычак түспөлүндө болот. Адыргы аркылуу улам өрмөктөгү эриштин астыңкы жиптерин үстүнө, үстүнкү жиптерин астына алмай-телмей өткөргөндө, бул кылыч менен эки-үч салмактуу соккондо аркак жип эришке кынаптала түшөт.

КЫЛЫЧ

КЫЛЫЧ — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Агыштын атасы экендиги гана эскерилет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо, 1979, № 7, 89-б.). Сагымбай Орозбаков вариантында Агыш Жеткир бийдин уулу делет. КЫЛЫЧ КУЙРУК БАЯС — мифтик жаныбар. Алооке кандын ажайыпканасындагы реалдуу жана эпикалык жаныбарлардын арасында сүрөттөлөт:
Кылыч куйрук баяс бар
Кызыл аюу, саяс бар,
Маймыл дарек деген бар,
Жабыр баян бир жандар,
Пил, керикти жеген бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 183).

Эпостун башка эпизодунда Манас бала чагында жолдоштору менен салбырынга барып, К. к. б. жолугуп Аккелте менен атып өлтүрөт. Ал жаныбарлардын сырткы келбети сүрөттөлөт.
Чоңдугу бар өгүздөй, Аяк басса адамдай, Капталында канат бар, Куйругунда кылычы, Куп тамаша бул ушу (Сагымбай Орозбаков, 1. 225).

кылыч

кылыч, кылычты
кылыч азуулуу жолборс¬ тор (зоол.)
кылыч-калкан

кылыч

зат. Атчан аскерлер колдонуучу бир жагы миздүү кайкыраак, узунураак келген курал. Сайса найза тешкисиз, Чапса кылыч кескисиз («Манас»).

Примеры переводов: кылыч

Кыргызский Русский
кылыч Меч.

Примеры переводов: кылыч

Кыргызский Английский
кылыч Sword.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: