Меню
Эл-Сөздүк

үн

үн, үнгө
үн алгы
үн алгыч
үн алышуу
үн басаңдаткыч (тех.)
үн басымы (физ.)
үн жазгыч
үн жазма (диктофон)
үн жазуу (тех.)
үн кат-
үн катуу
үн күчөтүү (тех.)
үн оператору
үн талаасы (физ.)
үн чүмбөт
үн чыгаруу
үн чыгаруу (өкүрүү)
үн ылдамдыгы (физ.)
үнү бүтүү
үнү буулуу
үнү кудайга жетүү
үнү теңирге кетүү
үнү-дымы
үнүн баспоо
үнүн жасоо
үнүн көтөрүү
үнүң өчкүр

үн

зат. 1. Сүйлөгөндө, ырдаганда же кыйкырганда үн түйүнүнүн дирилдешинен пайда болгон добуш. Жайнаган көрктү куттуктап, Жан-жаныбар салат үн (Маликов). Курман үнүн көтөрүңкү чыгарды (Убукеев).
2. Вокалдык искусство үчүн материал болгон адам добушу. Үнүн жоготуу. Анын жакшынакай үнү бар.
3. Кээ бир заттардан чыккан дабыш, доош. Кошул-ташыл күү менен, Комуз үнү шаңкылдап (Тоголок Молдо). Балта, араанын үнү тарсылдап, [баганаларды] бекитип жатышты (Сасыкбаев). Паровоздун кыйкырган үнү (Жантөшев).
4. өт. Ой, пикир, айткан сөз. Партиянын үнүэлдин үнү. Массанын үнүн угуу.
Үн алышуу — биринен сала бири үн чыгаруу, биринен кийин бири ун салуу. Үч кара дөбөт үн алыша тосуп чыгышса да, Алыбектин үнүн угуп кайра тартышты (Жантөшев). Тарсылдаган балка, шаңкылдаган каңылтыр, араа жаңырыгы үн алышты (Сасыкбаев). Үн алышат гудоктору күркүрөп, Коммунизм коңгуроосун ургандай (Аалы). Үнү бүтүү — кардыгуу, үнү чыкпай калуу. Алыстан булдур кабарды Алыша албай кез-кезде, Эсиңде бардыр өткөн күн, Кардыгып үндөр бүткөн күн (Элебаев). Үнүн жасоо — ырдоого же сүрлөөгө камынып, тамагын кыруу. Салкын жел жанды ойготот, таң да атат. Ырчыча какырынып үнүн жасап (Турусбеков).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоүн
Множ. числоүндөр
Связанные слова
акустика
кулак
сөз
Склонение по падежам - "үн"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?үн
Родительный Чей?үндүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?үнгө
Винительный Кого?, Что?үндү
Местный Где?, У кого?үндө
Исходный Где?, У кого?үндөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?үндөр
Родительный Чьи?үндөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?үндөргө
Винительный Кого?, Что?үндөрдү
Местный Где?, У кого?үндөрдө
Исходный Откуда?, От кого?үндөрдөн

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: