-
айт
-
I зат. Диний майрам. Орозо айт. Курман айт.
АЙТ I I этиш. 1. Сүйлөө, сөз аркылуу ой-пикирин билдирүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Көңүл кири айтса кетет, көйнөк кири жууса кетет (макал).
2. Ылайык деп табуу, мурдатан ылайык көрүү; буюрса, ушундай болсо деп эсептөө. Сүзөгөн уйга кудай мүйүздөн айтпаган (макал). Эч болбоду дегенде ырдан да кудай айтпады, — деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).
Айтканынан кайтпоо — убадасынан тайбоо, сөзүндө туруу, айтканын орундатуу. Айтканынан кайтпаган Акыл жигит жакшы экен! (Барпы). Айтып болгус же айтып түгөткүс — өтө көп; айтып аягына чыга албас, канчалык кеп кылса да түгөнгүс. Өнөрү бар айтып болгус. Айтып оозун жыйганча — өтө тез, дароо. Ачык айтып, ак сүйлөө — чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой айтуу.
АЙТ III сырд. 1. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын «айт!» деп жиберди.
2. Малды кайрууда, башкарып-тескөөдө колдонулат.
3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт! айт! куу! куу! (Осмонов).
♦ Айт дегенче же айт дегиче — дароо эле, ары-бери, көз ачып жумгуча, бир заматта. Айт берүү — ойт берүү, Темингенде айт берип Текедей ыргып чураган (Осмонкул).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | айт |
Множ. число | айттар |
Склонение по падежам - "айт"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | айт |
Родительный Чей? | айттын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | айтка |
Винительный Кого?, Что? | айтты |
Местный Где?, У кого? | айтта |
Исходный Где?, У кого? | айттан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | айттар |
Родительный Чьи? | айттардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | айттарга |
Винительный Кого?, Что? | айттарды |
Местный Где?, У кого? | айттарда |
Исходный Откуда?, От кого? | айттардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
айт