Меню
Эл-Сөздүк

айт

айт (майрам) (дин.), айты,
айты, айтты

айт

айт, айтты
айт айтпаса
айткандай
айтканы айткандай, дегени дегендей
айтканы эки болбоо
айтканын эки дебөө
айтканынан кайтпоо
айтканынан чыкпоо
айтканың келсин!
айтып болгус
айтып түгөнгүс

айт

айт (сырд.): айт бер-, айтбуйт
айт дегенде, кыйт деп
айт дегиче
айт-уйт

айт

I зат. Диний майрам. Орозо айт. Курман айт.
АЙТ I I этиш. 1. Сүйлөө, сөз аркылуу ой-пикирин билдирүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Көңүл кири айтса кетет, көйнөк кири жууса кетет (макал).
2. Ылайык деп табуу, мурдатан ылайык көрүү; буюрса, ушундай болсо деп эсептөө. Сүзөгөн уйга кудай мүйүздөн айтпаган (макал). Эч болбоду дегенде ырдан да кудай айтпады,деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).
 Айтканынан кайтпоо — убадасынан тайбоо, сөзүндө туруу, айтканын орундатуу. Айтканынан кайтпаган Акыл жигит жакшы экен! (Барпы). Айтып болгус же айтып түгөткүс — өтө көп; айтып аягына чыга албас, канчалык кеп кылса да түгөнгүс. Өнөрү бар айтып болгус. Айтып оозун жыйганча — өтө тез, дароо. Ачык айтып, ак сүйлөө — чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой айтуу.
АЙТ III сырд. 1. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын «айт!» деп жиберди.
2. Малды кайрууда, башкарып-тескөөдө колдонулат.
3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт! айт! куу! куу! (Осмонов).
Айт дегенче же айт дегиче — дароо эле, ары-бери, көз ачып жумгуча, бир заматта. Айт берүү — ойт берүү, Темингенде айт берип Текедей ыргып чураган (Осмонкул).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санайт
Көптүк санайттар
Жөндөлүшү - "айт"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?айт
Илик Кимдин? Эмненин?айттын
Барыш Кимге? Эмнеге?айтка
Табыш Кимди? Эмнени?айтты
Жатыш Кимде? Эмнеде?айтта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?айттан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?айттар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?айттардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?айттарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?айттарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?айттарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?айттардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: