-
сый
-
I зат.1. Сыйлоо иретинде көрсөтүлгөн урмат, мамиле, кадырлагандык. Сиздин жашыңызга жетсек, жаштардан сый көрөбүз (Сыдыкбеков). Эчтеме жок ата менен энеден кымбат, Аларга дайым сый менен урмат (Борбугулов). - 2. Белек, сыйлык. Эпкиндеп терип пахтаны Колхоздон байге, сый алган (Бөкөнбаев). Баалуу сыйдан тышкары Кошумча эмгек кошо алат (Осмонкул).
- 3. Аңча аралаша элек, өз кишидей болуп сиңишип кете элек. Сый киши. Сый тууган. — Мейман адам күнөөсүз, — деп, аял сый гана имерчиктей калды (Убукеев). «Мыскал карындаш» дешип, ал кызга сый тааныштай мамиле кылышат (Сыдыкбеков).
♦ Сый кийим — жумушка жана күндөлүк кийип жүрүүчү кийим эмес, конокко барганда, майрамда ж. б. учурларда кийүүчү кийим. Сый тамак — мейман-ысман келгенде, майрам күндөрдө ж. б. учурларда күндөлүк ичилип жүргөн тамактардан өзгөчө, түзүктөлүп жасалган тамак. Сыйы менен — абийрин кетирбестен, кадыр-баркы менен. Сыйы менен кете бербей, өз абийрин өзү кетирмек болду («Чалкан»).
СЫЙ II этиш. Бир нерсенин ичине батуу; батууга ылайык келүү. Кампага сыйбас мол эгин.
СЫЙ III: сый чабуу — түз чаппай, жаный чабуу, сыйра, шылый чабуу. Байбиче канатын сый чаптырган тооктой болуп козголо албай олтурат (Сыдыкбеков). Мээлеген жерге тийбестен, Бир жаккы колун сый койду («Манас»).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | сый |
Көптүк сан | сыйлар |
Жөндөлүшү - "сый"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | сый |
Илик Кимдин? Эмненин? | сыйдын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | сыйга |
Табыш Кимди? Эмнени? | сыйды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | сыйда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | сыйдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | сыйлар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | сыйлардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | сыйларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | сыйларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | сыйларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | сыйлардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сый