Меню
Эл-Сөздүк

сый

сый I
1. (см. сыйлык I) подарок; награда, премия;
сыйга бер- дать в подарок, оказав почёт;
сыйга берген көйнөк платье, данное в подарок;
сыйга алган ат лошадь, полученная в подарок;
2. уважение, почтение, почёт; почести;
ар кимге ар башка сый сөзүн айтып выражая словами каждому особое уважение;
сыйга - сый, сыр аякка - бал погов. уважение за уважение, в крашеную чашку (см. аяк II ) - мёд;
түлкү алган итке сый жок погов. собаке, поймавшей лису, почёта нет (это её обязанность);
сый киши уважаемый, почитаемый человек;
сый конок почётный гость;
жамбаш - сый конокторго тартылуучу устукан подвздошная кость (животного) - это кость,
которая подаётся почётным гостям;
сый тааныш близкий знакомый;
сый-сыпат почёт и уважение;
сый-сыпат көр- или сый көр- пользоваться почётом и уважением;
өмүрүндө сый көрбөгөн он в жизни не пользовался уважением (жил в постоянном унижении);
сый-сыпат көрсөт- или сый көрсөт- оказывать почёт и уважение;
жаманга сый көрсөтпө, уйга суу көрсөтпө погов. дурному почёта не оказывай, корове воды (в сосуде) не показывай (она набросится);
сый кет- или сый менен кет- уйти подобру-поздорову;
сый кетсек, жакшы болор эле хорошо было бы, если бы мы ушли подобру-поздорову;
алар сыйы менен кетет, кетпесе, жигиттериңе айдатып чыгар они подобру-поздорову уйдут, а если не уйдут, прикажи своим джигитам (см. жигит 3) прогнать (их);
менин ордум болучу, сыйың менен бошот (это) моё место, добром освободи;
сыйың менен бер отдай добром;
сый жүр- жить в мире, в ладу;
сый жүрөлүчү давайте-ка жить в мире, в ладу;
сыйын кылып оказав ему почести (напр. умершему);
уяттан-сыйдан кет- потерять стыд и совесть;
биздин председатель колхозчулар менен сый болуп калыптыр наш председатель с колхозниками стал обходителен;
сыйга ал- угощать, оказывая почёт;
үйүнө чакырып, сыйга алды он пригласил к себе домой и угощал;
салтанаттуу сый уст. банкет.
сый II, сыя
(ср. сын II)
деепричастие наст. вр. от утраченного в киргизском языке глагола сы- ломать; сый чап- или сыя чап- (мечом), сый ат- или сыя ат- (стрелой, пулей), сый кой- (независимо от вида оружия) переломить, повредить;
колумду сый чаап таштады он перебил или повредил мне руку;
Курманбек, түз мээлеп, оң колун сыя атты стих. Курманбек, точно прицелившись, повредил ему правую руку;
мээлеген жерге тийбестен, бир жакы колун сый койду фольк. не попав в то место, куда целился, он повредил ему руку;
бутун таш менен сый койду он (ударив) камнем повредил ему ногу.
сый- III
вмещаться (употребляется только в идиоматике);
кантип териңе сыясың? как ты не лопнешь? (букв. как ты вмещаешься в свою кожу?);
жерге сыяр иш эмес совершенно невероятное дело;
акылга сыяр иш эмес уму непостижимое, невероятное дело;
"карышкырды кой сүзүп качырсын" деген кеп - алмустактан бери акылга сыйган иш эмес разговоры о том, что, мол, пусть овца, бодая, нападёт на волка, - уму абсолютно непостижимое дело;
оозго сыяр кеп айтсаңчы говори путём, делом;
басма сөзгө сыйбай турган одоно тон недопустимый в печати грубый тон;
законго сыйбаган иш противозаконное, незаконное дело;
адамгерчиликке сыйбайт не согласуется с поведением человека;
башы батпай, багалчагы сыйбай см. багалчак.

сый

сый (урмат), сыйы
сый кийим
сый конок
сый-сыпат
сый-урмат
сыйы менен

сый

сый: сый чабуу

сый-

сый-, сыюу, сыят
сый түнөк

сый

I зат.1. Сыйлоо иретинде көрсөтүлгөн урмат, мамиле, кадырлагандык. Сиздин жашыңызга жетсек, жаштардан сый көрөбүз (Сыдыкбеков). Эчтеме жок ата менен энеден кымбат, Аларга дайым сый менен урмат (Борбугулов).
  1. 2.                  Белек, сыйлык. Эпкиндеп терип пахтаны Колхоздон байге, сый алган (Бөкөнбаев). Баалуу сыйдан тышкары Кошумча эмгек кошо алат (Осмонкул).
  2. 3.                  Аңча аралаша элек, өз кишидей болуп сиңишип кете элек. Сый киши. Сый тууган. Мейман адам күнөөсүз, — деп, аял сый гана имерчиктей калды (Убукеев). «Мыскал карындаш» дешип, ал кызга сый тааныштай мамиле кылышат (Сыдыкбеков).

Сый кийим — жумушка жана күндөлүк кийип жүрүүчү кийим эмес, конокко барганда, майрамда ж. б. учурларда кийүүчү кийим. Сый тамак — мейман-ысман келгенде, майрам күндөрдө ж. б. учурларда күндөлүк ичилип жүргөн тамактардан өзгөчө, түзүктөлүп жасалган тамак. Сыйы менен — абийрин кетирбестен, кадыр-баркы менен. Сыйы менен кете бербей, өз абийрин өзү кетирмек болду («Чалкан»).
СЫЙ II этиш. Бир нерсенин ичине батуу; батууга ылайык келүү. Кампага сыйбас мол эгин.
СЫЙ III: сый чабуу — түз чаппай, жаный чабуу, сыйра, шылый чабуу. Байбиче канатын сый чаптырган тооктой болуп козголо албай олтурат (Сыдыкбеков). Мээлеген жерге тийбестен, Бир жаккы колун сый койду («Манас»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

EN
RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: