-
айып
-
зат. 1. Күнөө, жазык, кылмыш. Аз айып, көп күнөөм болсо кечир (Жантөшев). Айыбы чыккан жигиттин узун бою пас болот (макал). Кемчиликти бетке айткандын айбы жок (макал).
2. Кемчилик, каталык. Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы).
3. Жаза иретинде кесилген мал, дүнүйө, доо; күнөөлүү деп таап, берилүүчү жаза. Ал жолу адилетсиз бий «бекке тил тийгизди деп мага тогуз айып ойлоду (Жантөшев).
♦ Айып этпеңиз же айып көрбөңүз — «кечириңиз», «жаман көрбөңүз» деген мааниде кечирим суроо, сылыктык иретинде колдонулат.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | айып |
Көптүк сан | айыптар |
Жөндөлүшү - "айып"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | айып |
Илик Кимдин? Эмненин? | айыптын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | айыпка |
Табыш Кимди? Эмнени? | айыпты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | айыпта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | айыптан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | айыптар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | айыптардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | айыптарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | айыптарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | айыптарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | айыптардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
айып