-
ач
-
I сын. 1. Тамак жебеген, оокат ичпеген, ачка. Ач карышкыр. Кардым ач.
2. Ээн, эч нерсе жок. Ач бел. Ая талаа.
Ач-арык — начар, жармач. Ач көз к. көз. Ач карын к. карын. Ач кынкырык — кулак-мээни жарган катуу кыйкырык, кулак жаңырткан катуу кыйкырык. Ач билек — ичке, назик кол. Ач болот — курч кылыч. Ач күзөн к. күзөн.
АЧ II этиш. 1. Жабык турган абалдан ачык абалга келтирүү. Тереземди ачтым дагы, Кремлди көрдүм мен (Маликов).- 2. Кандайдыр бир мекемени, уюмду ж. б. түзүү, уюштуруу. Мектеп ачты. Жаңы уюм ачтык.
- 3. Мурун айкын болбогон нерсени табуу, айкындоо. Азыркы илим атом энергиясынын сырын ачты («Советтик Кыргызстан»).
- 4. Баштоо, ачык деп эсептөө. Абылов жыйналышты ачты.
- 5. Ашкерелөө. Төрөнүн бетин ачып, маскаралап, Кылмышын калтырбастан чукуп салат (Маликов).
- 6. Жазылуу, жайылуу. Байчечекей гүл ачты.
- 7. Бүктөлүү, жабылуу нерсени жазуу, оодаруу, жаюу. Алтындай китеп сен ачып, Ар күнү окуп жатканың (Маликов).
- 8. Жазылган, жайдары абалга келүү, кайгысын, капасын жазуу, таратуу, түнөрбөгөн абалга келтирүү. Көңүлүн ачты. Кабагын ачты. Көөнүн ачты. Кайгысын ачты.
♦ Көз ачып көргөн бала — биринчи төрөгөн бала, биринчи төрөлгөн бала. Эч болбогондо көз ачып көргөн баласын маңдайынан бир сүйсөчү (Сыдыкбеков). Көз ачуу — жаңыдан таанып биле баштоо; окуганды билип калуу. Тагынып билим деген өткүр жарак Көз ачып аны менен алга барат (Абдыраманов). Көзүн ачуу — кандайдыр бир сыр көрсөтүү, сес көрсөтүү, коркуткандыгын билдирүү маанисинде колдонулуучу сөз. Аптыкпагын, Талым кыз, Ачмак болдум көзүңдү! (Тоголок Молдо). Ооз ачуу — 1) бирдеме деп сүйлөө, сөз айтуу, анча-мынча бир нерсе айтуу. Ооз ачкан жок. Кыңк этип ооз ачпады; 2) орозо маалында кечкисин же таңкысын тамак ичүү; тамак ичип коюу. Оозун ачып калуу — таңданып калуу, эмне кыларын билбей калуу. Марфа.. куюлуштура сүйлөгөндө Ашыр оозун ачты да калды (Сасыкбаев). Сабатын ачуу — окуганды, жазганды билип калуу, окуй жана жаза билүүгө үйрөнүү. Карысаң да Бизге, энеке, керексиң, Сабатыңды ачып кетем, окусаң! (Турусбеков).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | ач |
Множ. число | ачтар |
Склонение по падежам - "ач"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | ач |
Родительный Чей? | ачтын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | ачка |
Винительный Кого?, Что? | ачты |
Местный Где?, У кого? | ачта |
Исходный Где?, У кого? | ачтан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | ачтар |
Родительный Чьи? | ачтардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | ачтарга |
Винительный Кого?, Что? | ачтарды |
Местный Где?, У кого? | ачтарда |
Исходный Откуда?, От кого? | ачтардан |
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Found words in another language:
RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ач