-
ач
-
ач I
1. голодный;
ачмын или кардым ач я голоден;
ачтан өл- умереть от голода;
кеп жойлогон түлкү ачтан өлөт погов. много рыскающая лисица с голоду дохнет;
ач-жылаңач голодный и раздетый (как признак крайней бедности);
2. (в сочет. со словами, обозначающими яркий цвет) светлый;
ач кызыл светло-красный;
ач көз (или ачкөз) жадный, завистливый;
ач көздүк (или ачкөздүк) жадность, завистливость;
ачкөздүктөн алкыңды бузасың, ашыра жесең, кусасың фольк. жадностью нрав свой портишь, если же чрезмерно попьёшь (поешь), сблюешь.
ач II
ач бел необитаемый, пустынный горный перевал;
ач бел, куу жолдо өл! бран. пропади ты на пустынном горном перевале, на безлюдной дороге!;
ач талаа пустыня;
ач айбалта острый боевой топор;
ач болот острый меч;
ач билек сильная рука;
ач арстан рыкающий лев, разъярённый лев;
Ачбуудан Ачбуудан (кличка коня);
ач айкырык или ач кыйкырык неистовые выкрики, дикий крик, истошный крик.
ач- III
1. открывать, раскрывать; отпирать;
эшик ач- открывать дверь; отпирать дверь;
2. перен. обнаруживать;
көңүл ач- веселить сердце; приподнимать настроение;
уйку ач-
1) разогнать сон;
2) выспаться;
айыбын ач- вскрыть (его) вину;
...маселени ачып алуу керек ...вопрос нужно выяснить;
ооз ач- см. ооз I;
бет ач- см. бет 2.
ач- IV
проголодаться;
курсагы ачып (он) проголодавшись;
арыдык, жанды семиртчи, ачтык, курсак тойгузчу фольк. мы исхудали - ты нас поправь, мы изголодались - ты нас насыть;
арып-ачып см. ары- III.
-
ач
-
I сын. 1. Тамак жебеген, оокат ичпеген, ачка. Ач карышкыр. Кардым ач.
2. Ээн, эч нерсе жок. Ач бел. Ая талаа.
Ач-арык — начар, жармач. Ач көз к. көз. Ач карын к. карын. Ач кынкырык — кулак-мээни жарган катуу кыйкырык, кулак жаңырткан катуу кыйкырык. Ач билек — ичке, назик кол. Ач болот — курч кылыч. Ач күзөн к. күзөн.
АЧ II этиш. 1. Жабык турган абалдан ачык абалга келтирүү. Тереземди ачтым дагы, Кремлди көрдүм мен (Маликов).- 2. Кандайдыр бир мекемени, уюмду ж. б. түзүү, уюштуруу. Мектеп ачты. Жаңы уюм ачтык.
- 3. Мурун айкын болбогон нерсени табуу, айкындоо. Азыркы илим атом энергиясынын сырын ачты («Советтик Кыргызстан»).
- 4. Баштоо, ачык деп эсептөө. Абылов жыйналышты ачты.
- 5. Ашкерелөө. Төрөнүн бетин ачып, маскаралап, Кылмышын калтырбастан чукуп салат (Маликов).
- 6. Жазылуу, жайылуу. Байчечекей гүл ачты.
- 7. Бүктөлүү, жабылуу нерсени жазуу, оодаруу, жаюу. Алтындай китеп сен ачып, Ар күнү окуп жатканың (Маликов).
- 8. Жазылган, жайдары абалга келүү, кайгысын, капасын жазуу, таратуу, түнөрбөгөн абалга келтирүү. Көңүлүн ачты. Кабагын ачты. Көөнүн ачты. Кайгысын ачты.
♦ Көз ачып көргөн бала — биринчи төрөгөн бала, биринчи төрөлгөн бала. Эч болбогондо көз ачып көргөн баласын маңдайынан бир сүйсөчү (Сыдыкбеков). Көз ачуу — жаңыдан таанып биле баштоо; окуганды билип калуу. Тагынып билим деген өткүр жарак Көз ачып аны менен алга барат (Абдыраманов). Көзүн ачуу — кандайдыр бир сыр көрсөтүү, сес көрсөтүү, коркуткандыгын билдирүү маанисинде колдонулуучу сөз. Аптыкпагын, Талым кыз, Ачмак болдум көзүңдү! (Тоголок Молдо). Ооз ачуу — 1) бирдеме деп сүйлөө, сөз айтуу, анча-мынча бир нерсе айтуу. Ооз ачкан жок. Кыңк этип ооз ачпады; 2) орозо маалында кечкисин же таңкысын тамак ичүү; тамак ичип коюу. Оозун ачып калуу — таңданып калуу, эмне кыларын билбей калуу. Марфа.. куюлуштура сүйлөгөндө Ашыр оозун ачты да калды (Сасыкбаев). Сабатын ачуу — окуганды, жазганды билип калуу, окуй жана жаза билүүгө үйрөнүү. Карысаң да Бизге, энеке, керексиң, Сабатыңды ачып кетем, окусаң! (Турусбеков).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
- АЧ АЛБАРС
- Ач бала ток баладай ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
- Ач бийден ток ит жакшы.
- ач бол-
- Ач кадырын билбесең, аччылык берет жазаңды.
- Ач кайгысын ток билбейт.
- Ач калардыкы кеч калар.
- Ач киши урушчак, арык кой тырышчак.
- ач көз
- ач көз
- ач көздүк
- ач көздүк
- Ач тоюнат, сук тойбойт.
- ач-
- ач-
- АЧ-БЕЛ
- АЧ-МАРАЛ
- ача
- ача
- ача (түп, түптү)
Такое же слова на других языках:
RU
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ач