Меню
Эл-Сөздүк

акыр

акыр: (аягы, соңу)
акыр заман (дин.)

акыр

акыр: акыр-чикир;

акыр

акыр: (аттын) (зат а.)

акыр

акыр: акыр-такыр

акыр

I зат. Чөптүн, тоюттун чачылып тепсендиге калып коромжу болушунан сактоо максатында көбүнчө жылкылар үчүн ылайыкталып, эки чети бийиктелип тосулуп жасалган жай. Жаркын акырга байланган аттарды аралап Жумакени карай басканда, ал айрьшын таянып.. чөптү көздөй басып кетти (Убукеев). Тору менен көк бээ турган акырдын шакелин которду (Сыдыкбеков).
АКЫР II зат. Аягы, соңу, бүткөн жери, акыры. Жадабай угуп тургун сөз акырын (Үмөталиев). Ойлоп көр кылган иштин акыр жагын (Үмөталиев).
Акыр заман — 1) диний түшүнүк боюнча: дүйнөдө жашоо тиричилиги токтолуу мезгили; 2) өт. кыйынчылык, кыйынкыстоо, оор абал. Жүрөгү күйүп сөгүлүп, Акыр заман күн түшүп («Олжобай менен Кишимжан»). Айыгышкан душманга, Акыр заман салуучу (Тоголок Молдо).
АКЫР III такт. Аягында, түбү, акыры, акырында. — А, кичине үкөктүн азыр сага кереги эмне... Акыр ал сеники болот (Сыдыкбеков). Ичимде кетти далай сыр Чечилер түйүн ал акыр (Элебаев).
АКЫР IV этиш. Катуу кыйкыруу, бакыруу, айкыруу. Акырган бойдон эр
Манас Жөнөп жүрүп калганы («Манас»).
АКЫР V: акыр-чикир — эски-уску, ыпыр-сыпыр, таштанды. Мастерскойду желдетүү, шыпыруу, акыр-чикцр кесиндилерди төгүү [керек эле] («Ала-Тоо»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: