Меню
Эл-Сөздүк

АКЫРЕТ

АКЫРЕТ (арабча ахрет — тиги дүйнө, а дүйнө)— диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочу дүйнө. Ушул маанисинде эпосто арбын учурайт. Мисалы, «Алып келсе аламын, Ажалым жетсе арамдан, Акыретке барамын!» (Сагымбай Орозбаков, 2. 21). Эпостогу көпчүлүк каармандар А-тин бар экендигине ишенишет, к. Тиги дуйнө.

акырет

акырет (акирет, акрет
эмес) акыретти

акырет

зат. Диний түшүнүк боюнча: адам өлгөндөн кийинки дүйнө, тиги дүйнө. Баламды Бөкөй кордосоң, Акыретке барганда, Аталаш тууган болсоң да, Көрбөймүн сенин бетиңди («Саринжи — Бөкөй»).
Акырет кетүү же акыретке жөнөө — өлүү, өлүп калуу. Кесел болуп нечен күн Акыретке жөнөдү (Тоголок Молдо).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: