Меню
Эл-Сөздүк

акыр

акыр I
ар.
конец;
жылдын акыры конец года;
акыр-аягына чейин до конца;
бети акыр-аягына чейин ачылсын он должен быть разоблачён до конца;
акыры-аягында или акыры-аягы в конце концов;
акырына чык-
1) довести до конца;
сөздүн акырына чык- исполнить данное обещание;
2) доконать;
алты машинанын акырына чыкты он угробил шесть машин;
ахыры южн. наконец; в конце концов;
ахыры бир күн келем как-нибудь (когда-нибудь) приду, да уж приду как-нибудь;
акыр заман
1) или заман акыр рел. конец мира;
2) см. заман.
акыр II
ир. ясли (для скота);
эшегине жараша акыры погов. по ослу и ясли.
акыр III
акыр-чикир то же, что какыр-чикир (см. какыр I).
акыр IV
акыр-такыр что-либо исключительное по своей мучительности, неприятности;
акыр-такыр мүшкүл сал- учинить жестокую расправу;
зулпукор кындан алсам - деп, акыр-такыр чоң мүшкүл, ушул кутурган итке салсам - деп фольк. возьму-ка я свой меч (см. зулпукор) да причиню-ка этому бешеному псу мучения невиданные;
бакылдайсың, нетесиң, акыр-такыр заманын баарын сүйлөп кетесиң фольк. ты горланишь, о суровых временах все говоришь и говоришь.
акыр- V
1. то же, что айкыр-;
акырып баатыр киргенде, качты калмак дүркүрөп фольк. когда богатырь с криком ворвался, калмыки в трепете бежали;
2. грубо окрикнуть.

акыр

акыр: (аягы, соңу)
акыр заман (дин.)

акыр

акыр: акыр-чикир;

акыр

акыр: (аттын) (зат а.)

акыр

акыр: акыр-такыр

акыр

I зат. Чөптүн, тоюттун чачылып тепсендиге калып коромжу болушунан сактоо максатында көбүнчө жылкылар үчүн ылайыкталып, эки чети бийиктелип тосулуп жасалган жай. Жаркын акырга байланган аттарды аралап Жумакени карай басканда, ал айрьшын таянып.. чөптү көздөй басып кетти (Убукеев). Тору менен көк бээ турган акырдын шакелин которду (Сыдыкбеков).
АКЫР II зат. Аягы, соңу, бүткөн жери, акыры. Жадабай угуп тургун сөз акырын (Үмөталиев). Ойлоп көр кылган иштин акыр жагын (Үмөталиев).
Акыр заман — 1) диний түшүнүк боюнча: дүйнөдө жашоо тиричилиги токтолуу мезгили; 2) өт. кыйынчылык, кыйынкыстоо, оор абал. Жүрөгү күйүп сөгүлүп, Акыр заман күн түшүп («Олжобай менен Кишимжан»). Айыгышкан душманга, Акыр заман салуучу (Тоголок Молдо).
АКЫР III такт. Аягында, түбү, акыры, акырында. — А, кичине үкөктүн азыр сага кереги эмне... Акыр ал сеники болот (Сыдыкбеков). Ичимде кетти далай сыр Чечилер түйүн ал акыр (Элебаев).
АКЫР IV этиш. Катуу кыйкыруу, бакыруу, айкыруу. Акырган бойдон эр
Манас Жөнөп жүрүп калганы («Манас»).
АКЫР V: акыр-чикир — эски-уску, ыпыр-сыпыр, таштанды. Мастерскойду желдетүү, шыпыруу, акыр-чикцр кесиндилерди төгүү [керек эле] («Ала-Тоо»).

Примеры переводов: акыр

Кыргызский Русский
акыр-аягында мурдагы ижарачылардын ,биригүүсү бизнес-инкубаторлордун туруктуулук индикатору катары каралууга тийиш. | Наконец, интеграция бывших жильцов следует рассматривать в качестве индикатора устойчивости бизнес-инкубаторов.
Мамлекетти реформалай турган адамдар издеген саясий укуктар жана эркиндиктер акыр түбү чыныгы эркиндикке алып келбейт, себеби кимдир-бирөөнүн саясий белгилерин башка бирөөнүн жарандык жашоосуна (байлык, төрөлүү, дин) көз каранды кылган “жөнөкөй” саясий эр Политические права и свободы стремились те, кто будет реформировать государство не может, в конце концов, принести свободу, потому что "просто" политическая эмансипация-изготовление своих политических функций зависит от особенностей своей гражданской жизн

Примеры переводов: акыр

Кыргызский Английский
акыр-аягында мурдагы ижарачылардын ,биригүүсү бизнес-инкубаторлордун туруктуулук индикатору катары каралууга тийиш. ■ Finally, the integration of former tenants should be considered as a sustainability indicator of business incubators.
Мамлекетти реформалай турган адамдар издеген саясий укуктар жана эркиндиктер акыр түбү чыныгы эркиндикке алып келбейт, себеби кимдир-бирөөнүн саясий белгилерин башка бирөөнүн жарандык жашоосуна (байлык, төрөлүү, дин) көз каранды кылган “жөнөкөй” саясий эр The political rights or freedoms sought by those who would reform the state could not, in the end, bring freedom because ‘mere’ political emancipation-the making of one’s political attributes independent of the features of one’s civil life (wealth, birth,

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: