Найдены по другим направлениям
-
суук
-
зат. 1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо). - 2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров).
- 3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук.
- 4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. [Ысак сенин] суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).
♦ Суук колун салуу — коомдун же башка бирөөнүн мүлкүн, акысын өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Суук ооз — заар тилдүү, кер ооз. Суук көз — жаман ниеттеги, жаман пикирдеги киши, жат киши. Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук тумшук — жек көрүндү. Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Суук тийүү — суукка урунуудан организм ооруга чалдыгуу, сезгенүү. Суук тийгенби, айтор, мурдун шор тартып утур-утур шыпшынат (Байтемиров). Суукка алдыруу — үшүтүп жиберүү. Акбар кулагы менен бетин суукка алдырып жибериптир (Убукеев).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | суук |
Множ. число | сууктар |
Склонение по падежам - "суук"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | суук |
Родительный Чей? | сууктун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | суукка |
Винительный Кого?, Что? | суукту |
Местный Где?, У кого? | суукта |
Исходный Где?, У кого? | сууктан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | сууктар |
Родительный Чьи? | сууктардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | сууктарга |
Винительный Кого?, Что? | сууктарды |
Местный Где?, У кого? | сууктарда |
Исходный Откуда?, От кого? | сууктардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
суук