-
тери
-
зат. Адамдын, айбандын денесин каптап турган тышкы катмары, кабыгы; союлган же өлгөн айбандын сыйрып алынган талпагы. Миң сыйрылып, миң түштү Таманымдын териси (Үмөталиев). Шалбыратып теримди Этимди алды карылык (Токтогул). Койдун териси, уйдун териси. Аюунун териси.
♦ Териси тар к. тар. Кой терисин жамынган — өзүнүн чыныгы жүзүн жашырган, көпчүлүктүн арасында коомго зыянкечтик кылып жүргөн. Акыйкат так ошондой табат баарын, Жамынган кой терисин душмандарын (Маликов). Терисин сыйруу — катуу жазалоо, сазайын колуна берүү. — Коркпо, эжеке. Мунун колунан кутулбасак болбойт. Терибизди тирүүлөй сыйрат (Бейшеналиев). Териге алуу — кээ бир узак ооруган адамды жаңыдан союлган малдын терисине ороп тердетүү, дарылоо. Табылдыны жаткырып, Териге алып тердетип («Эр Табылды»). Баш терисин байкап көрүү — кандай экенин, ким экенин, сапатын байкап билүү, жибин тартып көрүү.
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
тери