Меню
Эл-Сөздүк

тери

тери
териси калың
териси тар
териси таруу
терисин тескери сыйруу
терисине батпоо

тери

зат. Адамдын, айбандын денесин каптап турган тышкы катмары, кабыгы; союлган же өлгөн айбандын сыйрып алынган талпагы. Миң сыйрылып, миң түштү Таманымдын териси (Үмөталиев). Шалбыратып теримди Этимди алды карылык (Токтогул). Койдун териси, уйдун териси. Аюунун териси.
Териси тар к. тар. Кой терисин жамынган — өзүнүн чыныгы жүзүн жашырган, көпчүлүктүн арасында коомго зыянкечтик кылып жүргөн. Акыйкат так ошондой табат баарын, Жамынган кой терисин душмандарын (Маликов). Терисин сыйруу — катуу жазалоо, сазайын колуна берүү. — Коркпо, эжеке. Мунун колунан кутулбасак болбойт. Терибизди тирүүлөй сыйрат (Бейшеналиев). Териге алуу — кээ бир узак ооруган адамды жаңыдан союлган малдын терисине ороп тердетүү, дарылоо. Табылдыны жаткырып, Териге алып тердетип («Эр Табылды»). Баш терисин байкап көрүү — кандай экенин, ким экенин, сапатын байкап билүү, жибин тартып көрүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: