Меню
Эл-Сөздүк

ТЕРИНИ ЖЫДЫТУУ

Теринин түгүн алуу, кайыш кылуунун башталыш аракети. Бул байыркы ыкмалардын бири. Чеберлер жаңы сыйрылган төөнүн, топоздун жана уйдун терисин жайып, күнгө бир аз тоборсуткан соң аны шар сууга бастырышкан, мында бир аз убакыттан кийин теринин жүнү колго келбей жыдып калат. Терини бир топко күнгө төрт бүктөп ороп коюу менен да жыдытып алышкан.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: