МАНАС — эпостун биринчи бөлүгүнүн борбордук башкы оң каарманы. Эпос боюнча кыргыз элинин чексиз кайрат-күчкө ээ эң башкы баатыры жана алардын бардык урууларынын башын кошуу менен аны тыштан басып кирүүчү ар кандай күчтүү жоолордон коргоп, ата журттун эркиндиги, элдин элдигин сактаган саясий биримдиги үчүн күрөшкөн жигердүү даанышман кол башчысы, каны. Дүйнө элдеринин оозеки чыгармачылыгынын эпикалык үлгүлөрүндө борбордук негизги оң каармандын жарык дүйнөгө келиши, ага каармандын келечекте аткаруучу негизги миссиясынын тикеден-тике байланыштуу болушу — салттык көрүнүш. Муну менен элдик философиянын оптимисттик көз карашы — жамандык канчалык күтүүсүздөн келип, канчалык оор болсо да, ага каршы тура алуучу жакшылык күчтүн болору, ал акыры салтанат курары белгиленген. Эпикалык ушул салтка ылайык М. кыргыз элинин башына каран түн түшүп, «бири айдалып Эренге, бири түшүп кетип кайра чыккыс тереңге» күчтүү жоо тарабынан чабылып, ата конуш жеринен туш-тушка зордук менен сүрүлүп, чилдей таратылганда туулат. Кыргыздарды баш коштуруп турган Каракан (кээ бир варианттарда Ногой кан) каза болгондо анын уулдары:
Атасынан жаш калып,
Акылдан такыр бош калып,
Калың кара көп журтту
Кармай албай маң болуп,
Ар кылган иши кам болуп (ШР, Кол жазмалар фондусу, 100-инв., 2-б.) бийликти тышкы душманга тарттырып жиберишет. Мында акылдуулук баатырдык менен кыргыз элин биримдикте кармап, күч-кубатын арттырып, тышкы жоодон сактанууга кудуреттүү кылган Каракандын (Ногойдун) иши даңазаланып, анын өзүндөй боло албаган уулдарынын чабалдыгы, жөндөмсүздүгү астыртан сындалат. Эл ишин ойлогон бек айбат уулдары болбосо, эл ушинтип, тышкы жоого жем болуп, чабылып-чачылары белгиленет. Ошону менен элдин камын ойлогон нагыз баатырдын төрөлүшү зарыл экенине көңүл оодарылып, элдин ошондой чоң мүдөөсүн жүзөгө ашыруучу азамат М. экенине басым жасалат.
Т. Т. Герцен. «Манас». 1991.
Ал ата журтунун башына түшкөн кыйын кезеңди жок кылуу үчүн элдин тилеги менен атайы жаралганы алдын ала көрсөтүлүп, ал кийин бүт өмүрүн ушул ыйык ишке, элди, жерди сактоого жумшайт. Элди бөлүп-жарып, талап, туш келди тараткан жоодон өч алат, кыргыздарды өз мекени Ала-Тоого кайрадан ээ кылат, аларга тилектеш, тектеш башка элдер менен бириктирип, тышкы жоо басып кире албагандай бекем күчкө айландырат. Элдин түшүнүгүндө мындай улуу миссия үчүн атайы төрөлгөн адам катардагы эле бирөө эмес, кандайдыр адаттагыдан тышкары болууга жана ошол укмуштуулугу, өзгөчөлүгү алдын ала сезилип турууга тийиш. Ошондуктан, чыгармада анын бойго бүтүү, төрөлүү, эр жетүү процессине кеңири көңүл бөлүнөт. Элдик оозеки чыгармачылыктын эпикалык салттарына ылайык М. узакка баласыз жүргөн карыган ата-эненин кудайга зар какшаган тилегинен бойго бүтөт. Укмуштуу бала төрөлөрүнө алдын ала ар түрдүү аяндар берилет: эне-атасы укмуштуу-кереметтүү түш көрөт, энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот, төрөлөрүнөн алда канча жыл мурун душманынын сыйкырдуу китептерине (бичик, даңза) аты жазылып, алардын сезин алат. Энесинин төрөтү катуу болот, бир колуна кан, бир колуна сүт уучтай түшүп, кан төккөн баатыр гана эмес, ак көңүл, кең пейил, жоомарт адам болору дайын болот жана башкалар Саякбай Каралаевдин варианты нда ал төрөлгөндө «Асмандан кудайдын нуру чачылып, зилзала жүрүп кетет» (Саякбай Каралаев, 1. 54). Эпикалык чыгармалардагы мындай типтеги төрөлүүнү В. Г. Белинский: «Бул — баатырдык төрөлүүнүн чексиз бийиктиктин, күчтүүлүктүн апофеозу», — деп мүнөздөгөн. Табияттын ар түрдүү кереметтүү күчтөрү М-ты төрөлүшүндө эле эмес өмүр бою коштоп жүрөт. Эпостун белгилүү варианттарынын бардыгында ал төрөлөрдөн алда канча мурун ата-энеси элдин көз карашында тартынбастыктын, кайраттуулуктун, баатырдыктын, күчтүүлүктүн үлгүсү болгон ажыдаар, алп кара куш, кара чаар кабылан, сур жолборс өңдүү жаныбарларды түштөрүндө көрүшөт жана ошол түштөрү аркылуу ушул жаныбарларга таандык артыкча сапатка ээ эркек бала төрөлөрү билинет. «Манас» эпосунун сюжетинин андан наркы өнүгүшүндө Чыйырды, Жакыптын түшүнө кирген ошол жаныбарлар Манастын колдоочуларына айланып, классикалык тотемдердин бардык белгилерин сактап, анын функцияларын аткарышат (к. Тотемизм).
Т. Герцен. Манас.
М. жоого киргенде ошол тотем жаныбарлар сүр-айбат болуп коштоп жүрөт:
Ажыдаар, жыланы
Артынан сойлоп алыптыр.
Көсөө куйрук, көк бөрү
Көк жал эрдин жөкөрү
Көтүнөн ээрчип алыптыр.
Алп кара куш арбайып
Асмандан бутун салыптыр...
Ошондой эле алар М-тын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө жардамга келйшет, керек болсо өлүмдөн да сактап калышат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардан ууланып өлүм алдында жаткан М. өзүн издеп келген чоролору Сыргак менен Серекке мындай дейт:
Мени дагы чоролор,
Бейсаадат бенде дебеңер,
Жолборстон болор жолдошум,
Коркпостон болор колдошум,
Жолборстон жолдош келүүчү
Жот дары алып берүүчү.
Бөрүдөн бөлө келүүчү,
Бөлөкчө дары берүүчү,
Илбирстен ини келүүчү,
Искеме дары берүүчү,
Аюудан ага келүүчү
Ак дары казып берүүчү.
Өлөт деп жүрөт оюңар,
Өкүнүчтү коюңар (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.).
Эпосто Манастын кереметтүү жаныбарлар менен байпанышы мындан да терең сүрөттөлгөн учурлар кездешет. Саякбай Карала уулу «артын сала бергенде ажыдаар түрү бар, астын сала бергенде алты миң эрдин сүрү бар» экенин белгилесе, Сагымбай Орозбак уулу Манастын каары келгенде адамдык түсү жоголуп, жолборс түрүнө өткөнүн айтат. Көкөтөйдүн ашында М-тын Үрбүгө ачуусу келгендеги турпаты төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Арстан сыны баатырдын
Азыр чыга калганы.
Баткалашта мараган,
Кабыландай караган,
Ар качандан бир качан
Ачуусу ишке жараган,
Чагарак куйрук, чаар тон
Чамынганы соо болбос
Шаңы чыкты сур жолборс (Сагымбай Орозбаков, 3. 158).
Мындай мотивдер — түрк элдеринин эпосторунда типтүү салттык көрүнүштөрдөн. Мисалы, «Огуз-Намэде» келечектеги башкы каармандын тышкы көрүнүшү: «Буттары буканын бутундай, бели бөрүнүн белиндей, ийни киштин ийининдей, көкүрөгү аюунун көкүрөгүндөй болду», — деп сүрөттөлөт. Якуттардын «Сүйң Джаасын» олонхосунун башкы оң каарманы: «алдынан караса ачыккан карышкырга, артынан караса каардуу кары аюу түрүндө» болот.
Г. Петров. Манас.
Тотем жаныбарлардын образы да илимде эволюциялык өнүгүүнү башынан өткөргөн. Эң алгачкы этабы — каарман-жаныбар же кудай-жаныбар («Кожожаштагы» Сурэчкинин, байыркы түрк элдеринин санжырасындагы Көкбөрүнүн тибиндеги), экинчи этабы — жаныбар кейипке келе алуучу сыйкырдуу каарман. Бул этап адамдардын аң-сезиминин деңгээли жаныбарларды кудай катары кароодон кутула баштаган мезгилге туура келет. Рационалдуу ой жүгүртүүнүн натыйжасында, каарман-жаныбарлардын образы акырындап адамдаштырууга өткөндө кейипкердин жарымы адам, жарымы жаныбар жаңы тиби пайда болгон. М-тын образында ушул процесс реликт катары сакталган. Башкача айтканда «Узакка созулган эволюциялык процесстен улам адамга айланган мифтик каарман Манас чечүүчү учурда өзүнүн жырткычтык касиетине ээ болуп, арстандын, жолборстун, ажыдаардын кейпин киет. Бул эпикалык образдын айбанаттар менен болгон байланышы биротоло жоюла элек кездеги өнүгүү этабын чагылдырат» (М. Борбугулов, «Манас» эпосунун байыркы башаттары. —”Кыргызстан Маданияты”, 22-январь, 1987). Эпостун андан аркы эволюциялык өнүгүү процессинде эпикалык каармандын адамдык образы зооморфтук белгилеринен улам акырындап алыстай баштайт. Жаныбарлар эми каармандын өзү эмес, анын атрибуту болуп калат (Мисалы, байыркы египет, грек мифтериндеги кудайларды, «Манастагы» башкы каарманды жандап жүргөн жаныбарлардай) же каарман зооморфтук келбетке келбестен баштагы тотем жаныбардын кебин гана кийип жүргөн болот (Мисалы, грек мифинде Геракл, ирандыктардын «Шахнамэсинде» Үрүстөм дайыма жолборстун терисин кийип, жоодон эч жеңилгис касиетке ээ болушкандай). Рационалдуу ой жүгүртүүгө негизделип, байыркы зооморфтук образ улам жумшартылып, улам адамдаштырылып олтуруп, акыры субъективдештирилген поэтикалык образга орун бошотот. Бул көрүнүш М-тын образына да туура келерин «Манас» изилдөөчү Р. 3. Кыдырбаева да белгилеген: «Алгачкы символдор, Манастын образынын жаныбарлар менен байланышы шек жок зооморфизмдин туундусу болгон, андан кийинки мезгилдерде гана алар таза көркөм символдор менен биригишет да, Манастын образын такай жандап жүргөн эпитеттерге айланышат (Р. 3. Кыдырбаева, Генезис эпоса «Манас», Фр., 1980, 20-б.). М-тын образына кайрылып, аны изилдеген бир катар окумуштуулар анын тегин же тикеден-тике өзүн кудайлар менен байланыштырышат. М. Ауэзов М-тын ысымы шамандык пантеондогу кудайдын аталышын билдириши ыктымал деп эсептеген. М-тын образын алгач тикеден-тике кудайдын образы менен байланыштырган окумуштуу П. Н. Берков болгон. Ал алтайлыктардын эпосунун башкы оң каарманы Алып-Манашты М. менен генетикалык түбү бир катары параллель карайт да, Алып-Манаштын байыркы образында өмүр берүүчү, жашоону жаратуучу күндүн (байыркы элдердин мифологиясында башкы кудай) образы жатат деп болжойт. Б. а. М-тын түпкү образы күн кудайдын образынан өсүп чыккан деген ойду айтат. Эпостогу: «айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй» деген өтө белгилүү ыр сабына, ушул өңдүү башка фактыларга таянып, М. Борбугулов П. Н. Берковдун оюн дагы тереңдетип: «Манас — же Ай менен Күндүн өзү, же алардын уулу» деген жыйынтыкка келет. Муну М-ка ат коюлганда анын келечекте ким болорун алдынала аныктаган:
Атышкандын алы болсун,
Айдай Манас өзү болсун.
Күрөшкөндүн күчү болсун
Күндөй Манас өзү болсун (Набиев А. «Манас», Кол жазмалар фондусу, 1116а-инв., 230-б.)
деген ыр саптары да ырастайт. М-ты сыпаттоодо колдонулган «бир өзүнөн бүткөндөй», «күндөй», «айдай» өңдүү сөз айкаштары эпостун азыркы ыр саптарында метафора, метонимия, салыштыруу катары колдонулганы менен тереңден карай келгенде, ал рационалдуу ой жүгүртүүнүн натыйжасында баштагы функциясын өзгөртүп, поэтикалык каражатка айланган миф экени анык болот. Б. а., абалкы абалында М. ай менен күндүн бир өзүнөн (бойго) бүткөн (бүтүндөй эмес) же ал ай менен күндүн өзү (айдай, күндөй эмес). М. сыяктуу каармандардын күн менен айдан төрөлүшү түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында салттык мотив болуп келгендиги алардагы байыркы мифтер менен да ырасталат.
Моңголдордун ушул азыркыга чейин сакталып калган байыркы ырында: «Атасы — жаш ай, энеси — алтын күн», — деп айтылат. «Манастагы» башкы оң каармандын бири Алмамбет нурдан (жаш жигит кебетесинде келип түшкөн айдын нурунан) кадимки жердик аялдын боюна бүтөт. Дал ушунун өзүндөгүдөй баян Чыңгызкандын түп аталарынын төрөлүшү жөнүндөгү моңгол санжырасында айтылып калган. Р. 3. Кыдырбаева кыргыз эпосун тектеш элдердин тарыхый-этнографиялык, эпикалык чыгармалары менен тарыхый-салыштырма планда изилдеп келип: «Манас — асмандын уулу жана карышкырдын тукуму, бул — касиетке ээ адам, өз уруусунун, тайпасынын атынан эрдиктерди жасоого жөндөмдүү — каармандын иш-аракетинин алгачкы мотивировкасы кебетеси мына ушундай болгон», — дейт. Бул көз караш М-тын ай менен күндөн төрөлүшү жөнүндөгү жогоруда айтылган жобого каршы келбейт. Мифологияда Күн бүткүл асмандын символу катары каралат да, асман, күн — экөө тең бир эле нерсенин (бул жерде башкы кудайдын) ар түрдүү аталышы болуп эсептелет. Көкбөрү түрк элдеринин санжырасында алардын түпкү энеси, ошону менен бирге бул элдердин мифологиясында жердин (байыркы түрктөрдүн мифологиясында жер-суу Көк теңир менен катар турган өзүнчө теңир-кудай) символу (башка элдердин мифологиясында бул символ көбүнчө ажыдаар түрүндө болот). Тектеш элдердин этнографиялык фактылары менен салыштыруу М-тын башкы кудайдан жаралганын көрсөтөт. М-тын түп аталарынын бири — Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Чаянкан. Шамандык ишенимдерди кийинки кездерге чейин тутуп келген эне-сайлык кыргыздарда (хакастарда) Чаян башкы жаратуучу кудай болгон. Демек, кыргыздар мусулман динин кабыл алганга чейин Чаянды башкы жаратуучу кудайы катары эсептөө менен бирге, аны өздөрүнүн негизги эпосунун башкы каарманынын атасы кылып да сүрөттөшкөн. Дүйнөлүк мифологияда кудайлар, эпикалык каармандар асман менен жер теңирлеринен төрөлүшү — типтүү салттык мотивдерден. Классикалык мифтер болуп саналган байыркы египеттердин, гректердин мифтеринде бул ачык көрүнөт. Табияттын өндүргүч күчтөрүнүн жана тигил дүйнөнүн кудайы Осирис жер кудайы Геб менен асман кудайы Нуттун уулу, гректердин башкы кудайы Зевс асман кудайы Уран менен жер кудайы (жер-эне) Геянын небереси. М. аталган кудайларга туулушу жагынан гана эмес айрым белгилери, иш-аракеттери, аткарган функциялары боюнча да окшоштукка ээ. Зевс адам түспөлдүү кудай болуу менен бирге М. сыяктуу зооморфтук белгилерге ээ. Ал букага айланып, Европаны ала качат, Персефонага жылан, Ледага ак куу кебетесинде келип кошулуп, балалуу болот. Түпкү образында М-тын өзү күн, ай эсептелгендей эле Зевс жарыктын жана жарык асмандын кудайы (башкача айтканда күн кудай). Байыркы гректер Зевстин атын жашоону жана жанды жасоочу, жандандыруучу от катары түшүнүшкөндөй эле, өзү күн эсептелген М-тын аты да жан менен байланыштуу. Эпосто «Алп кара куш арбайып, Асмандан буту тарбайып Манаска жолдош болуптур», — деп сүрөттөлгөндөй, бүркүт Зевстнн туруктуу атрибуту, Олимп тоосунун чокусунда дайыма аны жандап жүрөт. «Артын сала бергенде ажыдаар түрү бар» М. өңдүү Зевс да жылан түргө келе алат. Зевс түпкү образында эмен дарагы түрүндө элестетилген. Ал негизинен турмуштун жарык, жаркын жагынын башкаруучусу, өкүмдары болуу менен бирге, асман, жер үстү гана эмес, тигил дүйнө-жер алдына да бийлиги өтөт. Дүйнө элдеринин мифологиясында, эпикалык чыгармаларында өмүр дарагы — космостук дарак (к. Байтерек) ааламдын үч катмарын: жер астын (өлүктөр өлкөсүн), жер үстүн (кадимки адамдардын өлкөсүн), асманды (кудайлардын өлкөсүн) байланыштырып турган борбор болуп сүрөттөлөт. Анын үстүндө асмандын ээси адамдарга жакшылык алып келүүчү күч — бүркүт (к. Алп кара куш) айланып учуп жүрсө, түбүндө жер астынын ээси, жердин чексиз күчүнүн символу ажыдаар (к. Ажыдаар) ээлеп жатат. Манасты алп кара куш менен ажыдаар ушул космостук дарактай бири төбөсүндө айланып, бири бут алдында сойлоп колдоп жүрүшү анын бийлиги эмен түрүндө элестетилген Зевс сыяктуу үч сферага (жер алды — өлүктөр өлкөсү, жер үстү — кадимки адамдардын өлкөсү, асман — кудайлар тибиндеги жогорку күчтөрдүн өлкөсү) жеткенин символдоштурат. Демек, М-ка карата айтылуучу «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй», «Алды катуу кара жер, жердигинен түткөндөй» деген ыр саптары азыркыдай анын образына өтмө маанидеги, поэтикалык көркөм салыштыруу каражаты катары эмес, түз маанисинде, анын бийлиги үч сферага жер асты, жер үстү, асманга жеткенин көрсөткөн мааниде колдонулган. Зевс грек кудайларынын башкы кудайы болгондой эле М, кыргыз жана ага жамаатташ жашаган элдердин эң башкы баатыры, эң башкы кол башчы-каны катары жалпы элдик ар кандай иштерде башкы ролду ойнойт. Зевс адамдардын, кудайлардын атасы катары аларды колдоо менен бирге, ачуусу келгенде каардуу жазалоочу күч катары көрүнөт. М. да өз элинин камкор коргоочусу болуу менен бирге каары келгенде кудайлар сыяктуу кереметтүү касиет менен жазалоочу күчкө да эгедер. Эпосто «караган аман калчу эмес, көзүндө кара калы бар, жүзүндө жаман заары бар», «айланып карап койгондо тыңдаймын деген тыңчы өлгөн, сындаймын деген сынчы өлгөн», — деп сүрөттөлгөндөй Манастын көз карашы грек мифиндеги караганын соо калтырбаган Афина Палладанын, горгона Медузанын көз караштарындай магиялык күчкө ээ. Зевс өзүнүн атасы Кронос менен бийлик талашып, акыры аны жеңип, тартарга кулатат. М. да бакылдык коркоктук жайы бар өз атасы менен ыркы көп келишпей, нааразылашып жүрөт, Жакып акыры М-тын уулу Семетей колдуу каза болот. М-ты Зевс менен жакындаштырган башка бир катар мотивдер бар экендиги изилдөөлөрдө да көрсөтүлгөн. «Интенсивдүү өнүккөн саясий жана тарыхый турмуштун таасири астында Манас жөнүндөгү миф баатырдык поэма-жомоктун стадиясын басып өтүп, кандайдыр бир реалдуу адамга өткөрүлгөн жана ошол кейипкер жөнүндөгү баатырдык баян менен биригишкен» (Берков П. Н. Алтайский эпос и «Манас» — Китепте: Киргизский героический эпос «Манас». М.. 1961, 255-б.). Дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда реалдуу тарыхый адам менен мифтик каармандардын образынын биригиши — типтүү салттык көрүнүш. Дүйнөдөгү эң байыркы эпостордун бири, байыркы шумерлер менен аккаддардын эпосунун каарманы Гильгамеш — реалдуу тарыхый адам — Шумердеги — Урук шаарынын биринчи сулалесинин бешинчи өкүмдары (биздин заманга чейин 27-кылымдын аягы — 26-кылымдын башы). Жергиликтүү элдин ишениминде ал өлгөндөн кийин кудайга айланган. Эпикалык чыгармаларда Гильгамеш — Уруктун башкаруучусу Лугальбанданын жана күн кудайы Утунун тукуму кудай аял Нинсундун баласы. Кудайга айланган Гильгамеш өлүктөр дүйнөсүнүн тескөөчүсү, адамдарды жин-шайтандардан коргоочусу болуп калат. Моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдердин жана тибет-бирма элдеринин эпикалык чыгармаларынын каарманы — Гесер да тарыхый адам. Изилдөөчүлөр Гесерди Тибеттин түн. чыгышындагы Лин мамлекетинин өкүмдары болгон деп эсептешет. Алгач маданий каарман катары түптөнө баштаган Гесердин образы кийин инди жана будда мифологиясынын таасири астында башкы кудай Индранын баласы делип айтылып калган. Кудайлардын пантеонунда ал согуш кудайы болуп саналат. Скифтердин уламышы боюнча алардын биринчи падышасы Колаксай (анын ысымынын этимологиясын окумуштуулар Күн-падыша деп түшүндүрөт) Зевс-папайдын жана жылан буттуу кудай аялдын неберси. Ал өзүнүн бир туугандарынын ичинен көктөн түшкөн сыйкырдуу алтын буюмдардын ээси болушу аркылуу, коомдун башка мүчөлөрүнүн үстүнөн бийлик жүргүзүүгө жогорку күчтөрдүн — кудайлардын эрки боюнча атайы тандалат. Мифологиялык бул мотив, ошол байыркы скифтердин маданиятынын алыскы мураскору болуп калган элдердин бири орустардын былиналарында да сакталып калган. Киев циклиндеги былиналардын борбордоштуруучу каарманы — тарыхый адам Киевдин улуу князы Владимир Святославичтин (10-к.) титул-эпитети Кызыл күн (Красное солнышко). Ал жазма эстеликтерде байыркы славяндардын күн кудайы — Дажбогдун аты менен аталып, анын небере-чеберелери Дажбогдун небере-чеберелери делип эсептелет (Рыбков Б. А. Язычество древней руси. — М., 1987, 447-451-б.). Реалдуу тарыхый прототиби бар эпикалык каармандын кудай тектүү болушунун, кудайга айланышынын адамзат коомунун стадиялык өнүгүшүндөгү белгилүү этабынын туундусу катары кароого тарыхый негизи бар. Мифология али негизги идеологиясы болуп саналган уруулук-тайпалык коомдо падыша өкүмдар гана эмес (азыркы түшүнүктөгү), жрецтик функцияны аткарып, өзү башкарган жамаат менен кудайлардын ортосундагы элчи да болуп эсептелген.
А. Н. Михалев. Манас.
Натыйжада аларды кудайлар тибинде же алардын урпактары катары элестетип сүрөттөө пайда болгон. Мындай көрүнүш байыркы түрктөрдө өтө ачык байкалат. Түрктөрдүн каганы өзүн түздөн-түз «Теңирге тең» сезет. Аны Теңирдин өзү жараткан (төрөткөн) болот. Теңир аны түрк элине каган коёт (кан кылып берет) (Орхоненисей тексттери. Фр„ 1982, 53, 82-б.). Түрктөр бул мифологиялык көз карашты өздөрүнүн түпкү бабалары байыркы хунндардан мурастап калган. Хунндардын атактуу өкүмдары Модэ шаньюй (биздин заманга чейин 2-к.) асман менен күндү, космос күчтөрүн адамдаштырып (персонификациялап), ага сыйынуу киргизген, Шаньюй өзү «Көк теңир менен жерден төрөлгөн, ай менен күн аркылуу бийликке коюлган» деген титулду салтанаттуу кабыл алган. Модэнин мамлекеттин башкы жрецинин функциясын аткарышы—кудайдын жердеги өкүлү катары анын бийлигин ого бетер күчөткөн (Плетнева С. А. Кочевники средневековья. М., 1982, 85—86-б.). Өздөрүнө тектеш хунн, түрк элдериндей эле байыркы эне-сайлык кыргыздардын мифологиялык ишеними боюнча алардын ажосу (араб жана башкалар элдердин тарыхый жазма эстеликтеринде кыргыз-хакан деп да аталат) Көк теңирдин жердеги жандуу элеси болгон. М-тын адепки мифологиялык образынын реалдуу тарыхый адамга өтүп, тарыхый-баатырдык эпостун каарманынын образына трансформацияланышы ушул мезгилдерге туура келет. М-тын трансформацияланган жаңы образы — өзүнө «эрдик кайраты менен кара күчү аскердик демократия мезгилинин идеалына дал келген кебелбес баатырдын белгилерин жана тарыхый жактан андан бир кыйла кийинки, алгачкы феодалдык доордун эпикалык өкүмдарынын белгилерин бириктирген» (Жирмунский В. М. Тюркский героический эпос. — Л„ 1976, 54-б.) образ. Анын эволюциялык мындай өнүгүшүн Р. 3. Кыдырбаева кыскача төмөнкүдөй схемада көрсөткөн: «эпосто эпикалык баатырдын алгачкы образы асман кудайлары менен байланышкан... Мезгилдин өтүшү менен кудайдын баласы өзүнүн алгачкы эпитети "алпка" ээ болот. Образдын эволюциясынын кийинки уламасында "алп"баатырга" орун бошотот... Өз кезегинде "баатыр" эпитети феодалдык өз ара мамилелер калыптанып жана өнүгүп жаткан доордогу, кийинки эпикалык формасы — жаңы эпитет — "канга" трансформацияланат». (Кыдырбаева Р. 3. Генезис эпоса «Манас», Фр., 94—95-б.). Эпосто М-тын адамдыкынан ашкере алп күчү жомоктук-гиперболалык белгилер менен сүрөттөлүп, анын сырткы портрети табияттагы зор, шаңдуу, нерселер менен салыштырылып, адам али өзүн табият менен бир бүтүндүктө эсептеп, андан өзүн индивидуум катары толук ажыратып карай элек кездеги — дөөлөрдүн тибиндеги — мифологиялык каармандарга жакын турат:
Астыңкы ээрди албайып,
Үстүңкү ээрди далбайып,
Ал муруту сеңирдей,
Айбаты албарс темирдей,
Муруну тоонун кырдачтай,
Муруту чөлдүн камыштай,
Көзү көлдүн буткулдай,
Каарданып караса,
Көрүнгөндү жуткундай (Сагымбай Орозбаков, 2. 148).
Манас бир кезекте өтө зор көлөмдүү, чексиз кара күчкө ээ титан катары элестетилгенин кезегинде түз маанисинде колдонулуп келген «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, асты катуу кара жер жердигинен түткөндөй» деген саптар да күбөлөп турат. Асман менен жердин тирөөчү Манас байыркы гректердин мифологиясында асманды жерге кулап кетпес үчүн жонуна көтөрүп турган Атлантка жакын элес берсе, ага «асты катуу кара жер, жерлигинен түтүшү», аны орус былинасынын кара жер салмагын көтөрүп тура албаган, ыгы келсе жерди көңтөрүп сала ала турган каарманы Святогор менен типологиялык окшоштукка ээ кылат. Алп-дөөлөргө мүнөздүү белгилердин бири — алардын алп уйкусу. Святогор дайыма үргүлөө абалында болот. Кыргыз эпосторунда дөөлөр жети күн катар ойгонбой уктайт (Желмогуз уулу Сарыбай). Түрк элдеринин байыркы эпосторунда алп уйкусун салган башкы оң каарман уйкусунан ойгоно албай душманына туткунга түшөт (Алпамыш). Чоң казаттагы эки кол беттешкен катуу кармаштын астында уктап калган Манасты Чубак кулагына доол кагып да, өз боюна тең кылып өйдө тургузуп жерге таштап жиберип да ойгото албайт. Бул типтеги каармандардын дагы бир белгиси — кенебестиги, энөөлүгү. Уктап жаткан М-ты ойгото албай койгон Чубак аны найза менен сооруга саят. М. «Маша чаккан эмедей, шондо да чочуп кебелбейт». Уктап жаткан Святогорду Илья Муромец бардык күчүн салып, чокмору менен башка чабат, үчүнчү чапканында ал араң козголуп карап: «Орустун чиркейлери чагып жатат деп ойлосом, көрсө даңктуу баатыр Илья Муромец турбайбы»,— дейт (Онежские былины. М. Л., 1949, 265-б.). Эпосто Манастын мындай кенебестиги өзүнүн кайрат-күчүнө толук ишенген, кебелбес, чыныгы баатырдык катары эң жогору бааланат. Уйкудан ойгонгон Манас, калың жоо каптап келе жатканын айтып антаңдаган Чубакка мындай дейт:
Апкаарыба акыры,
Атасынын көрү капырды.
Урунбай жүргөн тоо барбы,
Урушпай жүргөн жоо барбы,
Азыркысын Чубагым,
Деги аманат жаның соо барбы?
Жоо болсо нетербиз,
Жолуң болгур ыйлаба
Уруша-уруша чыгып кетербиз (Сагымбай Орозбаков, 4. 308).
Бир аз мурдараак, Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарганда: «Ногойдон нойгут кем беле? Чубактан Манас эр беле?» — деп өзүн М-ка теңдеш баатыр эсептеген Чубак, ушундай кыйчалыш мезгилде да «Кенебей да кебелбей да» турган М-ка тен берүүгө аргасыз болот:
Аты да Манас турбайбы?
Заты да Манас турбайбы?
Өзү да Манас турбайбы?
Сөзү да Манас турбайбы? (Сагымбай Орозбаков, 4. 309).
М-тын өзүнөн алда канча жогору турган, кандайдыр адамдан тышкары кереметтүү күчкө, артыкча сапатка ээ баатыр экенин тааныйт. Эпикалык чыгармаларда кенебестик, энөөлүк алп-дөөлөрдүн негизги кемчилиги болуп саналат, алар көбүнчө ушул кемчилигинин натыйжасында өлүм болушат. М. көпчүлүк учурда ошол мифтик-эпикалык кейипкерлердей кенебестигинен, энөөлүгүнөн кыйын абалдарга туш болот. Андай кыйындыктардан аны акылман, аяр, алысты көрө билгич Бакай, Каныкей, Алмамбеттер куткарат же алдын ала коргойт. Коңурбай М-тын ушул кенебестигинен, энөөлүгүнөн пайдаланып, жарадар кылат. «Ала көөдөн Манасты алты алдаган кол ушул», — деп ал өзүнүн Манастан артыкчылык кыла турган негизги сапаттарынын бири катары митайымдыгын, кыйдылыгын эсептейт. Манасты түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомокторунун каармандары — алптар менен жакындаштырган байыркы белгилеринин бири магиялык өлбөстүгү. Анын бул касиети өзбектердин «Алпамышындагы» башкы каармандын өлбөстүгү жөнүндөгү мотивге өтө жакын айтылып, төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Айтып сизге туюнтам,
Ал Манастын сөөлөтүн:
Сайган найза тешпеген
Эремети дагы бар,
Чапкан кылыч кеспеген
Керемети дагы бар.
Мылтык атса, ок өтпөс
Эремети дагы бар.
Отко жакса, чок өтпөс
Керемети дагы бар (Сагымбай Орозбаков, 4. 231).
Ошентип, душман менен бетме-бет салгылашкан согуш майданында М-ка өлүм жок. Каармандын согуш талаасында өлбөстүгү дүйнөлүк эпостордо өтө кеңири орун алган мотивдердин бири (Ахилл «Илиадада», Зигфрид «Нибелунгда», Исфандиар «Шахнамэде» жана башкалар). Магиялык өлбөстүк жөнүндөгү мотив — адамдын жаны анын денесинен бөлөк, жашыруун жерде сакталышы жөнүндөгү өтө байыркы мезгилдердеги түшүнүк менен байланышкан. Ошондуктан, мындай белгилерге негизинен мифологиялык-жомоктук кейипкерлер, алп-дөөлөр ээ. Элдик чыгармалардын көбүндө алардын жападан жалгыз талуу жери көзү болуп, көзүнөн жаралануу аркылуу өлүмгө дуушар болушат. Кереметтүү жөө жомоктук бул мотив өзгөртүлгөн түрдө эпосторго трансформацияланган. Жогорудагы эпикалык каармандардын (Ахилл, Зигфрид, Исфандиар) ар кимисине таандык талуу жерлери бар. М-тын өлбөстүгү жөнүндөгү мотив кийинки рационалдуу ой жүгүртүүгө негизделип, өтө жумшартылып, эч бир курал өткүс жасалган Аколпок менен байланышкан. М. Аколпогун кийбей турганда гана Коңурбай аны жарадар кылат. Манастын Аколпогу «Шахнамедеги» Үрүстөм, грек мифологиясындагы Геракл жана башкалар каармандар кийип жүрүшкөн жолборстун кебин эске түшүрөт. Тотемдик жаныбардын териси катары магиялык касиетке ээ ал тери каармандарды ажалдан сактап, жоодон жеңилгис кылат. Алп-дөөлөргө мүнөздүү мындай белгилерди М. гиперболизм поэтикалаштыруунун негизги каражаты катары эсептелип, эпсиз зор көлөм, адамдыкынан тышкаркы чексиз кара күч чыныгы баатырдык белги катары таанылган кезден мурастап калган. М-тын бул көөнө белгилери тарыхый эпостун каарманына караганда мифтик-жомоктук каармандарга бир кыйла жакындык кылат. Анын образынын жерде жашаган реалдуу адамга айланышы атчан жоокерчилик баатырдык доор менен байланышкан. Байыркы адамдардын, айрыкча Борбор Азиядагы элдердин жылкыны колго үйрөтүшү, алардын турмушунда экономикалык жактан гана эмес, саясий, идеологиялык жактан да өзүнчө бир революция болгон. Жылкы өстүрүүнү мыкты өздөштүргөн уруулар адатта согуш ишинде башкалардан кыйла артыкчылык кылышкан, атчан жоокерлер өтө ийкемдүү болуп, кубалаган жоосуна тез жеткен, качса оңой кутулуп кетишкен. Аттын алыскы жолду ылдам басып өтүшү, узак жолго чыдамдуулугу жоокерлерге эң алыскы жерлерге чейин жортуулга барууга мүмкүнчүлүк берген. Натыйжада, мындай элдер жортуулдарга тез-тез чыгышып, согуштан түшкөн олжо алардын жашоосунун бир булагына айланып, жоокерчилик массалык түргө өткөн. Ар бир курал кармаганга жарактуу эркек, ал турсун жаш аялдар (күйөөгө чыга элек бойго жеткен кыздар) да согушка катышып, жоокерлик милдет аткарышкан. Мындай коомдо согушуу ыктарын мыкты билген, кайрат-күчү мол, баатыр жоокерлер башкы ролду ойногон жана алардын образдары адабият менен искусствонун бардык түрлөрүндө негизги орунду ээлөө менен жердик реалдуу адам катары сүрөттөлө баштаган. Тынымсыз жортуулдардын натыйжасында уруу менен уруу аралашып, жамааттык (общиналык) мүлк жеке менчикке айланып, жамааттык уруулук түзүлүштүн толук кыйроого туш болушу менен бирге анын идеологиясынын негизин түзгөн мифология да жаңы көз караштарга жол бошотууга аргасыз болгон. Мифологиялык көз караштан бошоно баштоо ар бир нерсеге реалдуу карап, аларды рационалдуу түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Мына ушул жаңы шартта М-тын көөнө типтеги образы жаңы белгилерге ээ болгон. Анын алп-дөөлөргө мүнөздүү белгилери атчан жоокердин образына өтө баштап, бара-бара жаңы образга толук жол бошотуп, эски белгилер рудимент түрүндө гана сакталып калган. М. өзүн атчан жоокер деп эсептей турганы Көкөтөйдүн ашында Жолойго балбанга түш деген Кошойго берген жообунан ачык көрүнөт:
Мынастын ордосу. «Манас» операсы, 1966.
Манас, Манас болгону,
Башыма дөөлөт конгону,
Алчайып атка мингени,
Аколпок тонду кийгени,
Сан жыйынга чок элем,
Жөөгө топор жок элем,
Ат үстүнө келгенде
Найзакерден ыктуу элем,
Азаматтан мыктуу элем,
Айтыша чыккан доого сал,
Найзалашкан жоого сал (Саякбай Каралаев, 2. 41).
Башка варианттарда Манас «Ат үстүндө турганда, Ак дөө болсо аңтарам, Көк дөө болсо көңтөрөм», — дейт. Көөнө эпостордун каармандары алп-дөөлөр ар дайым атсыз жүрүшүп, кармаш кылышат. Тескерисинче, М. жөө балбан күрөшкө жок, алардын карама-каршысындагы, жаңы типтеги каарман. Түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомокторундагы алгачкы атчан жоокер каармандар сыяктуу эле М. да табияттын жашырын сырынын ээси дөө менен кармашып жеңет (Саякбай Каралаевдин варианты нда Чоң казатта жалгыз көздүү Мадыканды). М-тын жаңы типтеги образы жердик реалдуу адам болгон сыяктуу эле негизги душмандары да белгилүү элге, мамлекетке таандык адамдар, ал турсун айрымдарынын тарыхый прототиби бар. Алар менен кармашта Манас эч кандай адамдардыкынан тышкаркы керемет күч колдонбойт. Душманын жекеме-жеке беттеште түрдүү согуш куралдарын ыктуу колдонуп, зор кайрат-күч, кажырга ээ баатыр катары жеңип чыгат. М-тын образынын атчан жоокер катары көрүнүшү кыргыздарда Эне-Сай доорунда (биздин заманга чейин 2 к.— б. з. 12-к.) калыптанган. «Атчан жоокерчилик — аска сүрөттөрүнүн негизги мотиви. Атчандар адатта оор жарактуу болуп тартылган. Булар — соот-чопкут менен жылчыксыз корголгон рыцарлар. Кыргыздар жасай жана колдоно билген ар түрдүү жоо куралдарын адатта, атап айтканда: ушул рыцардар пайдаланган» (Плетнева С. А. Кочевники средневековья М„ 1982, 94-б.). Бул сүрөттөөгө караганда атчан кыргыз жоокерлеринин негизги куралдары саадактуу жаа, желектүү найза, айбалта, кылыч, калкан, ошондой эле калкалоочу кийимдери: соот, чарайна, туулга болгон. Алардын минген аттары буттарынын учуна чейин үртүктөлгөн (Худяков Ю. С. Вооружение енисейских кыргызов VI—XII вв. — Новосибирск, 1980, 25-б.). М-тын эпосто сүрөттөлгөн жоо кийими, курал-жарагы аталган аска сүрөттөгү курал-жарак, жоо кийими менен бирдей. Б. а. байыркы атчан кыргыз жоокеринин келбети көркөм сүрөттөгү жана көркөм сөздөгү чагылдырылышы катары көрүнөт. Аколпокту, туулгасын кийип, Аккуласын минип, Сырнайзасын карыга илип, Ачалбарсын (Зулпукорун) колуна алып, Айбалтасын белине кыстарып, жаасын ай далыга асынып (кийин анын ордун Аккелте ээлеген) майданга чыкканда гана М-тын чыныгы баатырдык келбети көз алдыга тартылат. Эпосто М-тын чыныгы элдик баатыр катары негизги белгиси эл-жерине берилгендиги. Ал эс тарткан күнүнөн өлөр-өлгүчө ата журттун эркиндиги үчүн ички-тышкы душман менен жан аябай күрөшөт. Ал ар дайым биринчи болуп жоого чабуул коюп, анын эң кыйын баатырларын жекеме-жеке беттешүүлөрдө жеңип чыгат. Ата журтка болгон чексиз сүйүү, андан канын-жанын аябоо, намыскөйлүк анын жоокердик мүнөзүндө жетектөөчү роль ойнойт. Кытайлар басып алган ата журтту бошотуу жөнүндөгү жалпы элдик кеңештеги М-тын сөзү эпосто мындайча баяндалат:
Атадан не үчүн тубамын?
Алда билет өлүмдү,
Ааламга канча турамын?
Аманат жаным чыкканча
Намыс жолун кубамын.
Атамдан калган жеримди,
Алдырып коюп кытайга
Аңкайып кантип турамын?
Атым өчүп калбайбы
Атамдан калган Нааманды
Алты айга чейин албасам.
Түркстан барган кытайды,
Түгүн койбой кырбасам (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 575- инв., 75-б.).
Ал элдик улуу ишке башкаларды да шыктандырып, патриоттук рухун көтөрүп, өзүнүн артынан ээрчитет:
Шүмшүңдөгөн басыктар
Түрк уулунун мойнуна
Сүйрөткөн экен арканды.
Моюндан аркан чечиңер,
Алалбасаң кытайды
Аманат жандан кечиңер.
Кытайга кыргын салалы,
Кыйратып жерди алалы,
Кызыктуу жерди алдырып,
Кыянатта жүргөнчө,
Кыргыз уулу болгону
Кырылып жатып калалы (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 79-б.).
М-тын образындагы аны эпостогу оң каармандардан бөлүп турган негизги белги — нукура элдик жетекчилик. Ал жигердүү, даанышман жетекчи катары чабылып, чачылган элдин башын бириктирип, күч-кубатын бир жерге топтоо аркылуу саясий биримдигин арттырат. Тышкы жоого алдырбас бекем «мамлекет» түзөт. Эпикалык монарх катары ал француздардын эпосундагы Улуу Карлга, орустардын
Киев циклиндеги былиналарындагы Владимир Кызыл Күнгө, калмактардын эпосундагы Жангарга, өгүз түрктөрүнүн дастанындагы Баюндур канга типтеш. Аталган каармандардын бардыгы тең М. сыяктуу идеалдуу борборду түзүшөт, алардын айланасына элдик баатырлар чоро (дружник) же вассал катары топтолушуп, баатырдык иштерин жүргүзүшөт. Натыйжада, ушул эпикалык монархтын айланасында эпостун бардык окуялары өтөт. М-тын аты инди-европа тилдериндеги «Манас» деген өтө байыркы сөз менен үндөш. Аталган сөз бул тилдерде төмөнкүдөй маанилерге ээ: 1) жан (дух, душа); 2) акыл-эс, акылмандык, даанышмандык; 3) кең пейил, айкөл; 4) эр жүрөк, кайраттуу, тартынбас; 5) максат, эңсөө, шык. Инди-европа тилдеринин ономастикасында бул сөз активдүү роль ойноп, кудайлардын, эпостук каармандардын, касиеттүү жер-суулардын аталыштары. Саясий, диний, маданий байланыштардын натыйжасында инди-европа тилдеринде сүйлөгөн элдердин биринен кыргыздарга оошуп, эпостун башкы каармандарынын прототиби болгон инсанга титул ат катары колдонулган.
Р. Сарыпбеков