Menu
Эл-Сөздүк

өкмөт

ар.
1. правительство;
Советтик өкмөт Советское правительство;
өндүрүштүн тез өсүшү үчүн партия менен өкмөт бардык шарттарды түзүштү партия и правительство создали все условия для быстрого роста производства;
революциячыл убактылуу өкмөт временное революционное правительство;
2. разг. власть (правительственная);
өкмөт сенин колуңда власть в твоих руках.

өкмөт

правительство

өкмөт

governments

өкмөт

administration [эдминис’трэйшн];
government [‘гавнмэнт]

өкмөт

[ökmöt]
hükümet

Өкмөт

ӨКМӨТ – мамлекеттин коллегиялуу жогорку аткаруу органы. Аркайсы өлкөлөрдө аргандай аталат: Министрлер кеңеши (Франция, Италия, Польша), Министрлер кабинети (Улуу Британия, Өзбекстан), Мамлекеттик кеңеш (Кытай) ж.б.д.у.с. Ө. партиясыз, бир партиялуу жана коалициялык болушу мүмкүн. Ө-тү түзүүнүн тартиби башкаруу таризине жараша болот. Парламентардык өлкөлөрдө ал мамлекет башчысынын тапшыруусу боюнча бир палаталуу парламентте же эки палаталуу парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери (коалициялык Ө-тө партиялардын биринин лидери) тарабынан түзүлөт. Президенттик республикаларда (мындай орган конституциясында каралган мамлекеттерде) Ө. президент тарабынан түзүлөт, мында ал дайындаган арбир Ө. мүчөсү бир катар өлкөлөрдө (Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан) парламентте бекитилиши керек. Ө. мүчөлөрү (министрлер, портфелсиз министрлер, мамлекеттик министрлер, мамлекеттик катчылар ж. б. у. с.) дайындуу борбордук ведомстволорду жетектешет, парламенттик өлкөлөрдө адатта парламенттин мүчөсү болушу керек, ал эми президенттик (жарым президенттик) республикаларда министрлик портфель менен депутаттык мандаттын сыйышпастык принциби колдонулат. Парламенттардык мамлекеттерде Ө. парламент алдында (эки палаталуу парламентте – төмөнкү (кичи) палатанын алдында) коллегиалдуу жоопкерчилик тартат. Бул парламенттик көпчүлүк болбой калганда (м.: өкмөттүк коалиция ыдыраганда) Ө. кызматтан четтөөгө (бул өкмөттүк кризистин башталышын билдирет), же болбосо парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого милдеттүү экенин билдирет. Федеративдик мамлекеттерде борбордук (федералдык) Ө. жана федерациянын курамына кирген мамлекеттик түзүлмөлөрдүн (штат, провинция) Ө-төрү болот. Ө. өзүнүн толук курамында иш жүргүзүшү мүмкүн, же Ө. башчысы тарыраак (чакан) коллегия түзөт (кабинет – Улуу Британия, Индия ж. б. өлкөлөрдө).

өкмөт

өкмөт (өкүмөт, өкүмат
эмес) өкмөтү, өкмөттү
өкмөт башчысы
өкмөт бийлиги

Өкмөт

Правительство

өкмөт

зат. 1. Түздөн-түз башкаруу иштерин жүргүзүүчү мамлекеттик бийликтин башкаруучу жана аткаруучу жогорку органы. Революциялык өкмөт. Буржуазиялык өкмөттүн мүчөлөрү.
2. сүйл. Бийлик. Бардык ишти жана өкмөттү колго алуу эр азаматтын милдети эмеспи (Жантөшев).

Examples of translations: Өкмөт

Kyrghyz Russian
Өкмөт жана кино. Правительство и Фильмы
Бишкек, Өкмөт Үйү Бишкек, Дом Правительства
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү Бишкекский городской, Дом правительства
Өкмөт ар тараптан караганда, абдан олуттуу. Правительство очень важно во многих отношениях.
Өкмөт эң маанилүү мекеме деп айтышыңыз мүмкүн. Вы можете сказать, что правительство является самым важным институтом.
Өкмөт адатынча бизнес ишин жүргүзүүнү каалаган. Правительство хотело бизнес, как обычно.

Examples of translations: Өкмөт

Kyrghyz English
Өкмөт жана кино. Government and the Movies
Бишкек, Өкмөт Үйү Bishkek, the Government House
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү Bishkek City, Government House
Өкмөт ар тараптан караганда, абдан олуттуу. The government is very important in many regards.
Өкмөт эң маанилүү мекеме деп айтышыңыз мүмкүн. You may say that government is the most important institution.
Өкмөт адатынча бизнес ишин жүргүзүүнү каалаган. The government wanted business as usual.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: