Меню
Эл-Сөздүк

шыпыр-

шыпыр-

шыпыр

шыпыр (калпычы)

шыпыр

I зат. Калп, калпычы, жалган сөздү көп сүйлөөчү. Шыпырдын айткан сөзү баары жалган, Шыпылдап жалган сөздөн таалим алган (Тоголок Молдо).
ШЫПЫР II этиш. 1. Шыпыргы менен сүрүү, бир нерсенин үстүн сыдыра сүрүү, сүрүп тазалап кетүү. Көсөл эшиктин алдына суу сээп, бир сыйра шыпырып чыкты (Каимов). Жаңыдан көрүп кубанып, Шыпырдым чеке теримди (Токтомушев). Тиги килемдин үстүндөгү сууну шыпырып ташта (Жантөшев).
2. Сыдыра, сыйыра алуу. Зоругуп өлгөн буудандын, Шыпырып алды жүгөнүн (Жантөшев). Кол терисин шыпырып, Жолой алып калганы («Манас»).
3. Эч нерсе калтырбоо, бүт бойдон алып кетүү, баарын алып коюу. Болгон оокатыбызды бүт шыпырды да кетти («Ала-Тоо»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: