Меню
Эл-Сөздүк

чарда

этиш. 1. Чурулдаган добуш салуу (бакага карата). Баткактуу көлчүк суусунда, Бакалар чуулдап чардаган (Маликов).
2. Сайроо. Топтолушуп чардаган Куштар да ыктыяр (Барпы). Булбулу сайрап чөлүндө, Күкүгү чардап көгүндө (Тоголок Молдо).
3. өт. Шат-шайыр жүрүү, жыргоо, куунак болуу, сайрандоо. Толкуп жаткан деңиздей, Чардаган элди карачы (Токтогул). Арасы Ала-Тоонун көрккө баткан, Колхоз, совхоз боорунда чардап жаткан (Нуркамал).
4. өт. Кыдыруу, жер чалуу, байкоо. Мен жердин баарын чардадым, Барбаган жерим жок болду («Семетей»). Жээниңмин деп желпилдеп, Жер чардаган эрсиңби? («Эр Табылды»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: