Меню
Эл-Сөздүк

чарда-

1. квакать;
көлүндө бака чардаган фольк. в озере (там) квакали лягушки;
2. куковать;
булбулу сайрап чөлүндө, күкүгү чардап көгүндө стих. соловей поёт (там) на равнине, кукушка кукует (там) в зелени;
3. перен. ездить или ходить с целью навести справки, узнать о положении;
жол чарда- разведывать путь;
эл ичин чардап келди он объехал (или обошёл), наблюдая народ;
журт кыдырып, эл чардап, көгөрө жортуп жүрүпсүң фольк. объезжая народы, узнавая людей, рыщешь ты до изнеможения;
чалгыныбыз келди деп, чардап жерин көрдү деп стих. наш разведчик, мол, прибыл, места (тамошние), мол, разведал;
4. перен. блаженствовать, наслаждаться;
ошол учурда арак ичип, чардап отурган эле в тот момент он сидел, пил водку и наслаждался;
атты таңдайлы, жайлоого чыгып чардайлы облюбуем-ка себе по коню, поедем-ка на летовку и поблаженствуем.

чарда

этиш. 1. Чурулдаган добуш салуу (бакага карата). Баткактуу көлчүк суусунда, Бакалар чуулдап чардаган (Маликов).
2. Сайроо. Топтолушуп чардаган Куштар да ыктыяр (Барпы). Булбулу сайрап чөлүндө, Күкүгү чардап көгүндө (Тоголок Молдо).
3. өт. Шат-шайыр жүрүү, жыргоо, куунак болуу, сайрандоо. Толкуп жаткан деңиздей, Чардаган элди карачы (Токтогул). Арасы Ала-Тоонун көрккө баткан, Колхоз, совхоз боорунда чардап жаткан (Нуркамал).
4. өт. Кыдыруу, жер чалуу, байкоо. Мен жердин баарын чардадым, Барбаган жерим жок болду («Семетей»). Жээниңмин деп желпилдеп, Жер чардаган эрсиңби? («Эр Табылды»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: