Меню
Эл-Сөздүк

КУР

КУР — эпизоддук кейипкер. Бээжиндин чоң төрөлөрүнүн бири Дуңшанын уулу. Коңурбай Бээжинге келгенден анын жанында жүргөн нөкөрү. Анжыянды таштап Манастан качып келаткан Алоокеге жолукканда Коңурбай К. экөө барганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 224).

КУР

КУР — булгаарыдан, кайыштан жана сызма сыяктуу башка материалдардан, узун жазы кездемеден белди бууп, байлаш үчүн жасалган буюм, белге курчана турган жоолук. Эпостогу маалыматтар курдун байыртадан эле болгондугун айгинелейт: «Белине жоолук — кур берди» (Сагымбай Орозбаков, 1. 45), «Курдан кармап алганы Оодара тартып атынан Чалды жерге салганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90). Ал эми К-ду моюнга салуу жеңилгендикти же кудайга жалынып тилек тилөөнү билдирет: Мисалы, «Мойнуна курун салынып» (Саякбай Каралаев, 1. 52), к. Ботокур, Боз кисе.

кур

кур (бел боо)
кур салуу мойнуна

кур

кур (семиз)
кур ат

кур

кур (тең)

кур

кур: (куру бекер)
кур алакан
кур бака
кур бака балыктар (зоол.)
кур дүрмөт
кур жалак
кур ооз
кур тулупка мөөрөө
кур чечен
кур чирен

кур-

кур- (куруу)

кур

I зат. Булгаарыдан, кайыштан жана сызма сыяктуу башка материалдардан, узун жазы кездемеден белди бууш, байлаш үчүн жасалган буюм, белге курчала турган жоолук. Кайыш кур. Кездеме кур. Жазы кур.
КУР II сын. 1. Курулай, куру бекер, бош; эчтемеси жок. Эл тиричилик кылганда, Эсирип уктап кур жатпа (Токтогул). ..Машина кур кетмей болду (Бейшеналиев).
2. Эч болбогондо, болбоду дегенде. Кур дегенде баласын өңөрүп алса (Байтемиров).
КУР III сын. Абдан семиз, минилбеген, урунбаган. Баарысын семиз кур байлап («Манас»). Бүгүн өргү бололук, Кысыр эмди кур тайдан.. соёлук («Эр Табылды»). Минилбеген кур жылкы («Манас»). Жетпей калса минсин деп, Жети кур ат байлатты («Манас»).
КУР IV такт. 1. Курдай, ирет, жолу. Үч кур келдим.
2. Бир кылка, бир жаштагы, бир теңдүү, бир катар. Бир кур балдар. Бир кур келиндер.
КУР V этиш. Жасоо, тургузуу, орнотуу, түзүү. Гүлдөтүп айыл-кыштак, талааларды, Курабыз зор курулуш мурдагыдан (Нуркамал).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: