Меню
Эл-Сөздүк

жут

жут (зат а.)

жут

жут (бот.)
жут баласы

жут-

жут-, жутту

жут

I зат. Арык, тоютсуз калган малдардын кышта, эрте жазда жутумчулукка учуроо кырсыгы. Он жылы жут болуптур кары калың, Эки адам багып чыккан кара жанын (Тоголок Молдо). Колхоз бар жерде жут болушу мүмкүн эмес. Эсепчини жут алат (макал).
ЖУТ II этиш. 1. Алкым булчуңдарынын кыймылы менен ооздогу ашты, тоютту же башка нерсени кызыл өңгөч аркылуу ич жакты көздөй өткөрүү. Нан чайнап жута албайсың тиш болбосо (Барпы). Максым жутканы кирген Мамбеткул үйдөн чыкты (Абдумомунов). Суу боюна барайын, Суудан жутуп алайын («Эр Табылды»). Идиш жок, кымызды чаначтап эле жутушту (Аалы).
  1. 2.           Сиңирүү, соруп алуу. Кургак жер сууну бат эле жутуп алды. Түн эшикке чыгар замат айгырды да, ууруну да жутуп жибергенсийт.
  2. 3.           өт. Өлтүрүү, жок кылуу. Жаңжалдан жалын чыкпайбы, Жамандык башты жутпайбы («Эр Табылды»). Мына бу тамырчынын жардамы менен мунун энесин да жуткан (Шүкүрбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: