Меню
Эл-Сөздүк

жут

жут I
джут (массовый падёж скота от бескормицы);
жакшы келсе - кут, жаман келсе - жут погов. если хороший (человек) придёт - счастье, если дурной - джут.
жут- II
1. глотать;
төө, чайнаганын билип, жутканын билбейт погов. верблюд жуёт - замечает, а глотает - не замечает;
кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат погов. голову снега снег глотает (т.е. покрывает), голову хана хан глотает (один хан уничтожает другого);
2. вдыхать;
таза аба жут- дышать чистым, свежим воздухом;
чаң жутту болбойлу отойдём-ка (отъедем-ка) от пыли;
жутту! караул! убивают!;
алдым-жуттум см. ал- IV.

жут

жут (зат а.)

жут

жут (бот.)
жут баласы

жут-

жут-, жутту

жут

I зат. Арык, тоютсуз калган малдардын кышта, эрте жазда жутумчулукка учуроо кырсыгы. Он жылы жут болуптур кары калың, Эки адам багып чыккан кара жанын (Тоголок Молдо). Колхоз бар жерде жут болушу мүмкүн эмес. Эсепчини жут алат (макал).
ЖУТ II этиш. 1. Алкым булчуңдарынын кыймылы менен ооздогу ашты, тоютту же башка нерсени кызыл өңгөч аркылуу ич жакты көздөй өткөрүү. Нан чайнап жута албайсың тиш болбосо (Барпы). Максым жутканы кирген Мамбеткул үйдөн чыкты (Абдумомунов). Суу боюна барайын, Суудан жутуп алайын («Эр Табылды»). Идиш жок, кымызды чаначтап эле жутушту (Аалы).
  1. 2.           Сиңирүү, соруп алуу. Кургак жер сууну бат эле жутуп алды. Түн эшикке чыгар замат айгырды да, ууруну да жутуп жибергенсийт.
  2. 3.           өт. Өлтүрүү, жок кылуу. Жаңжалдан жалын чыкпайбы, Жамандык башты жутпайбы («Эр Табылды»). Мына бу тамырчынын жардамы менен мунун энесин да жуткан (Шүкүрбеков).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: