Меню
Эл-Сөздүк

бай

бай I
1. богач, бай
(в народе их делили на несколько групп, придавая каждой из них свой эпитет:
1) чоң бай большой бай или март бай щедрый бай (крупный представитель этой группы, который не скаредничал и знался с власть имущими);
2) сараң бай или колтукчу бай скупой бай (он жил грязно, гостей избегал);
3) сасык бай или кокуй бай вонючий бай, бай-скряга, бай-скаред;
4) жеке мерез бай нелюдимый бай (он жил обособленно, кочевал только своей семьёй);
5) уюткулуу бай или кордолуу бай наследственный, потомственный бай;
6) ордолуу бай бай, близкий к ставке правителя;
байлар
1) богачи;
2) уст. капиталисты, буржуазия;
байлар табы уст. класс буржуазии;
2. богатый, изобилующий чем-л.;
бай колхоз богатый колхоз;
бай адам богатый человех;
малга бай колхоз богатый скотом колхоз;
кенге бай жер земля, богатая ископаемыми;
бай-манап см. манап;
3. ист. господин;
бай билгендн кул да билет, айтайын десе, эрки жок погов. что знает господин, знает и раб, но сказать он не волен;
4. уст. (ср. байбиче) хозяин;
5. уст. муж;
байга тий- выйти замуж;
Зулайка байга тиймеги анчалык сага зарылбы? фольк. так ли уж тебе нужно, чтобы Зулайка вышла замуж?,
6. южн. (ср. байке) старший брат;
7. составная часть имён личных мужских (пишется слитно с именем): Сарыбай, Толубай, Казакбай;
8. составная часть интимно-почтительного обращения (пишется слитно с обращением):
энекебай маменька;
ажекебай сестричка (старшая); тётушка;
абакебай дедушка;
акебай батюшка; дяденька;
9. (при игре в тогуз коргол; см. коргол) нечётное число шариков свыше девяти, которые являются выигрышем противника;
10. байым тяньш. ласкательное обращение к мальчику, к парню;
бай сакал большая борода;
ичиктин сеңсең жакасы бай кайрылды мерлушковый воротник широко отвёрнут;
бай болгур! будь (те) добр (ы) !;
бай болгур, тиги китепти алып берчи будь добр, подай вон ту книгу;
бай тик- ставить стоймя (снопы);
байлаган боосун бай тиге салып связанный сноп свой поставив стоймя;
бай көчтү южн. одна из фаз детской игры в эчки чапты (см. эчки);
бай терек см. терек.
бай II
ар. южн.:
бай кыл- торговаться;
бай кылып алдыңбы? покупая, ты торговался?

бай

  • богатый
  • богач
  • зажиточный
  • БАЙ

    БАЙ — эпизоддук кейипкер, Аралбайдын атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 202).

    БАЙ

    БАЙ — кейипкер, Бакайдын атасы, Жакыптын бир тууганы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-дын окуясына кеңири орун берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 171—192). Алоокеден кордук көргөн кыргыздар туш-тушка тарап кетет. Ошондо Ороздунун ыркы жок он уулу Б-дын эки баласына бейпилдик бербегендиктен, Б. он жети жашында бөлүнгөн иниси Жакыпты издеп чыгат. Жолдо арык казууга алы келбей жатып калган карыя Б-ды Нескара көмдүрүп салат. Чала көмүлүп, эптеп эсине келген Б. Нескарага Чабдар аты адамча сүйлөп: «Манасты күчүнө толо электе кармап ал», — деп айтып жатканын угуп калат. Каздырып жаткан арыгын таштап, кишилерин түп көтөрө алып, Нескара Манасты соймокко аттанып кеткенден кийин эптеп бошонуп, Нескаранын артынан жөнөгөн Б. Жакыпка жолугуп, эки бир тууган табышат. Нескаранын ой-мүдөөсүн айтып кабар берет. Ошол боюнча алты жылга жакын Алтайда туруп калган Б. Дагалак шаарын алуу үчүн аттанган Манастын колу менен кошо жөнөйт. Ошол учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай болот. Эки кол жолугушканда Б. баласы Бакайды Манаска тааныштырат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Б. баласы Бакай бир жашка чыкканда душмандын айдоосунда жүрүп каза болот. Эпос боюнча чыгыш Түркстандагы шаар Б-дын атынан коюлган (Саякбай Каралаев, 1. 188).
    И. Абдувалиев

    бай

    бай (колунда бар), байы
    бай болгур (каалоодо же
    нааразы болгондо)
    бай-кедей
    бай көчтү (балдар оюну)
    (диал.)
    бай-манап
    бай тик-

    бай

    бай (эр, күйөө), байы

    бай

    бай: бай-бай

    бай

    I зат. 1. Мал-мүлктүү, дүнүйөлүү, бирөөнүн күчүнөн пайдалануучу адам, эзүүчү. Бай-манаптан өчүңдү ал, Алдатпагын зулумга (Тоголок Молдо).
    2. Жетиштүү, оокат-тиричиликтүү; көп, мол. Колхозуң гүлдөп данга бай (Нуркамал). Кара алтынга бай Сүлүктү тоолору асманды көздөй чалкалап турушат (Сасыкбаев).
    БАЙ IIзат. Эр, күйөө. Катын айтат эрине:Байым, мени жакшы көр, Атыңды сатып базардан, Макмалдан чапан алып бер! (Тоголок Молдо).
    БАЙ III: бай-бай сырд. Таң калгандыкты, өкүнгөндүктү, мактангандыкты билдирет. Ээй заман, кандай кыраан сенин балаң, Бай-бай-бай (Осмонов).

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)


    Такое же слова на других языках:

    RU


    Похожие слова на других языках:

    RU
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: