Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Юридическое лицо
 

Юридическое лицо

 
юридикалык жак

юридическое лицо

 
юридикалык жак

Юридическое лицо

 
Юридикалык жак –

Юридическое лицо

 
ЮРИДИКАЛЫК ЖАК – КР жарандык мыйзамдары боюнча, менчигинде, чарбалык жетекчилигинде же ыкчам башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлктөрү болгон жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ошол мүлктөр менен жоопкерчилик тарткан, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алуучу жана ишке ашыруучу, милдеттенме аркалоочу, доочу жана жоопкер болуучу уюм. Өзалдынча балансы жана сметасы болуусу керек. КР жарандык мыйзамдарына ылайык коммерциялык уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга бөлүнүшөт. Ю. ж. белгилүү укук жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болот (кара:Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү). Уставдын болбосо уюштуруучу келишимдин жана Уставдын, болбосо уюштуруучу келишимдин гана негизинде аракеттенет. Мыйзамдарда каралган учурларда коммерциялык уюм болуп саналбаган Ю. ж. ошондой уюмдар жөнүндөгү жалпы жоболордун негизинде аракеттене алат. Мыйзамдарга жана башка укуктук актыларга жана уюштуруучу документтерге ылайык аракеттенүү менен өзүнүн органдары аркылуу өзүнө жарандык милдеттенмелерди жана жарандык укуктарды ала алат. Мыйзамдарда каралган учурларда Ю. ж. өзүнүн катышуучулары аркылуу да жарандык укуктарды, жарандык милдеттенмелери ала алат. Анын ишмердиги кайра уюштуруу же жоюу жолу менен токтотулат.

Юридическое лицо

 
юридикалык жак

Юридическое лицо

 
Менчигинде, чарба жүргүзүүдө же оперативдүү башкарууда өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ жана бул мүлк менен өз милдеттенмелерине жооп берген, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди сатып алуу жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, сотто доогер жана жоопкер боло алган уюм (мекеме, ишкана, фирма). Юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлгөн катары эсептелет. Юридикалык жак өз аталышына, мөөрүнө жана банкта эсептешүү эсебине ээ.


Хотите добавить свой перевод для слово: "Юридическое лицо"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru