Меню
Эл-Сөздүк

Таймашуу жүрүмү

ТАЙМАШУУ ЖҮРҮМҮ – кылмыш-жаза процессинин тарыхый тариздеринин бири; тараптардын жүрүмдүк теңдигине жана айыптоочу, жактоочу (коргоочу) жана соттун ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө негизделет. Мында айыптоочуга айыпталуучунун күнөөсүн «далилдөө милдети» жүктөлөт, ал эми сот болсо тараптардын ортосундагы калыс катары чыгат. Соттун чечими тараптардын туткан тутумуна жараша болот (м.: айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алышы андан аркы соттук тергөөнүн зарылдыгын жоёт жана сот айыптоо өкүмүн чыгарат; айыптоочунун коюлган айыптан баштартышы соттолуучунун акталышына алып келет). Т. ж. ишти калыс сот арачыларынын (присяжный) кароосу жана далилдерге соттордун ички ишеничи боюнча баа берүү мүнөздүү. Азыркы мезгилде кылмыш-жаза жүрүмүнүн таймашуу таризи англо-саксон укук тутуму өкүм сүргөн өлкөлөрдө айкын көрүнөт (Улуу Британия, АКШ, Канада).

Таймашуу жүрүмү

Состязательный процесс

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: