Меню
Эл-Сөздүк

жип

нитка; бечева, шнур, шпагат, верёвка;
чарык жип машинные нитки (на катушках);
селде жип нитки в клубках;
кыл жип волосяная верёвка;
кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп всё было сделано шито-крыто (букв. сделав дело, которое намерен был сделать и волосяной верёвкой завязав);
ала жип атта- этн. прыгать через пёструю нитку (выражение, связанное с каким-то древним, теперь забытым, обычаем);
ушу күнгө чейин бирөөнүн ала жибин аттаганым жок меня никто не может упрекнуть в каком-либо нечестном поступке; я никогда и никому не делал зла;
ала жипти аттабаганыма далай болду я уже давно не ворую;
ала жипти аттабаган киши он честный человек (не вор);
энчи жип или энчилүү жип житейская доля, удел человека;
жибин тартып көр- закинуть удочку, позондировать почву;
ийне-жибине чейин см. ийне.

ЖИП

элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн ийрилип, буюм-тайымдарды тигүүдө, согууда, түйүүдө, эшүүдө, жөрмөөдө, байлоодо, артууда пайдаланылуучу буюм. Муну койдун, төөнүн жүнүнөн ийрүү нарктуу болот. Ал ийрилүү, чыйратылуу, эшилүү аркылуу жүзөгө ашат. Аны менен кийиз шырылат. Андан өрмөк согуп, килем токуп, көчөттөр түшүрүлөт, чий чырмалып, тор буюмдары түйүлөт.
      Мунун бош жип чыйратылган жип, челденген жип, эшилген жип, шоона жип өңдүү түрлөрү бар.

жип

зат. 1. Жүндөн, кебезден, кендирден жана башка булалардан токуу, тигүү, сайма саюу ж.б. үчүн ийрилген, чыйратылган ар кандай жоондуктагы зат. Жибек жип. Кара жип. Ак жип. Чарык жип.
2. Эшилген же чыйратылган боо. Кыска жип күрмөөгө келбейт (макал). Аркан, жибиң жок туруп, Байлап кеттиң карылык (Тоголок Молдо).
¨ Жибин тартып көрүү — байкап көрүү, ой-пикирин, сырын тартуу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: