Меню
Эл-Сөздүк

Автордун моралдык укугу

АВТОРДУН МОРАЛДЫК УКУГУ – КР мыйзамдары боюнча автордун мүлктүк эмес жеке укугу. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: а) автордук укук – чыгарма авторунун өз укугун таануу укугу; б) аты-жөнүнө укугу – чыгарманы автордун өз аты-жөнү менен, каймана ат же аты-жөнүн атабай эле, т. а. анонимдүү пайдалануу же пайдаланууга улуксат берүү укугу; в) жарыялоо укугу – чыгарманы баардык таризинде жарыялоо же жарыялоого улуксат берүү укугу, анын ичинде кайра чакыртып алуу укугу; г) чыгармага колтийгистик укугу – чыгарманы коргоо укугу, ага чыгарманын аты, бурмалоо ж. б. у. с. автордун ар-намысына шек келтире турган жосундардан коргоо кирет. Жеке мүлктүк эмес укук анын мүлктүк укугуна карабастан таандык болот, ага чыгарманы пайдаланууга өзгөчө укуктарды берген учурда да сакталат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: