Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Информация о словаре для -
 

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (kg-kg)

А. АКМАТАЛИЕВ

КЫРГЫЗДЫН КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮГҮ (Колдонмо)

БИШКЕК «КЫРГЫЗСТАН» 1996

АВТОРДОН

Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн түшүндүрмө сөздүгү биринчи жолу чыгып жатат. Ал түпкүлүктүү эмгек катары каралат. Нечендеген кылымдар бою уста-уздардын узануу-уздануу ыкмалары муундан-муунга өтүп, өздөрү жараткан буюм-тайымдарында жекече кыял чабыттарын чагылдырып келишкен. Андай үлгүлөр, нускалар жасаган чеберлердин атагын алыска тараткан. Бирок, аларды жыйноо, иликтөө анча колго алынбай келген. Акыркы жылдарда гана жандана баштады. Сөздүктү түзүүдө «Кыргызстан», «Адабият» басмаларынан жарык көргөн «Жасалга өнөр чеберлери» (1982), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1984), «Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү» (1988), «Усталар жана уздар» (1990) өңдүү китептеримдин негизинде жана андан берки иликтөө-изилдөөлөрүм бул сөздүктүн түзүлүшүнө уютку болду. Алардан башка сөздүктү жазууда Канташ уулу Капар (Тянь-Шань), Молдокабыл уулу Абдыжапар, Байбөрү келини Бурушбүбү, Жунушбай небереси Мадис (Нарын шаары), Алдаярбек уулу Айсыракун, Копо уулу Азиз (Ат-Башы), Момунбай уулу Сүйүнаалы (Ак-Талаа), Балтабай келини Эмил (Жумгал), Сопубек келини Кенжеш, Карынбай келини Гүлай (Кочкор), Токтосун уулу Базарбай (Тоң), Бекеш уулу Асек (Түп), Исраил уулу Садык (Кемин), Сейтаалы келини Күлүшары (Аламүдүн), Карач келини Батый (Кант), Көбөн кызы Жийдегүл (Чүй), Кызгара уулу Кошалы (Сокулук), Ысак келини Күлүйпа, Апыш уулу Рыспай (Талас), Сооронкул келини Фатима, Чотон уулу Абдыракман (Бакай-Ата), Кочкор уулу Календер (Базар-Коргон), Үркүмбай кызы Калбү (Алай), Айжигит кызы Тажы (Баткен), Илияс кызы Ибадат, Асан кызы Карачач (Өзгөн) сыяктуу таанымал уста-уздардын үлгүлөрдү кармоодогу ыкмалары да пайдаланылды.

Өз кезегинде баалуу материалды берген, арабыздан көзү өтүп кеткен маркумдарга жана азыркы күндө талыкпай изденип жаткан чеберлерге ыраазылыгымды билдирем. Сөздүк негизинен мектеп окуучуларына, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине, жалпы эле кол өнөрчүлүктүн тарыхына кызыккан ар бир күйөрманга арналат.



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru