Menü
Эл-Сөздүк

авторизация

ж.
авторизация, автордоштуруу (автордун өз чыгармасын бекшпип, таратууга уруксат этиши).

Авторизация

авторлоштуруу

авторизация

авторлоштуруу

Авторизация

АВТОРЛОШТУРУУ (англ. autorization ) – банк ишинде электрондук документтин, же дайынкаттын, же өзүн көрсөткөн жактын ыйгарым укугун, же болбосо авторлугун аныктоо. Адатта электрондук документти А., магниттик же процессордук дайынкатты А., банк кызматынан пайдалануучунун жекече дене түзүлүш өзгөчөлүгүн А. (манжа изин салыштыруу ж. б.) болуп бөлүнөт. Ал эми электрондук документти анын өзүндөгү айрым сандык айырмачылыктардын, ошондой эле авторго гана таандык жашыруун жеке сандардын жардамы аркылуу А. сандык (электрондук) колтамга деген ат менен кеңири маалым. Ал төлөм тутумунун катышуучусу электрондук төлөм документтеринин түпнускалуулугу менен бүтүндүүлүгүн анын жардамы аркылуу ырастоочу жабдык.

Авторизация

Белгилүү бир адамга (жакка) кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө укук берүү процесси.
Маалымат  технологияларында авторизациялоо аркылуу ресурстардан жана маалыматтарды иштеп чыгуу системаларынан пайдалануу укугу белгиленет жана ишке ашырылат.
Финансылык  чөйрөдө  авторизациялоо банктык төлөм карттарды, кредиттик жана башка карттарды пайдалануу учурунда жүргүзүлөт. Авторизациялоо – бул, эмитенттин карт ээсине банктык төлөм картын пайдалануу менен операцияны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарын же авторлугун тастыктоо жол-жобосун түшүндүрөт, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин картын пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документтерин аткаруу жагында эмитенттин эквайер алдындагы милдеттенмелери келип чыгат. Авторизациялоо автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш (телефон байланышы) аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан операция боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болуп саналса, авторизация эмитенттин кардарга ошол операцияны ишке ашырууга уруксаты катары эсептелинет.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: авторизация

Rusça Kırgız
Процесс предоставления определенному лицу прав на выполнение некоторых действий.
В   информационных   технологиях посредством авторизации устанавливаются и реализуются права доступа к ресурсам и системам обработки данных.
В финансовой сфере авторизация проводится при использовании банковских платежных, кредитных и иных карт. Авторизация означает процедуру подтверждения эмитентом полномочий или авторства держателя карты на проведение им операции с использованием банковской платёжной карты, в результате которой возникает обязательство эмитента перед эквайером исполнить расчётный документ, составленный с использованием карты вышеуказанного эмитента. Авторизация может быть автоматизированной (посредством терминала) и голосовой (посредством телефонной связи). В случае если по совершаемой с использованием банковской платежной карты операции эмитент и эквайер являются одним и тем же лицом, то авторизация является разрешением, предоставляемым эмитентом клиенту на совершение данной операции.
Белгилүү бир адамга (жакка) кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө укук берүү процесси.
Маалымат  технологияларында авторизациялоо аркылуу ресурстардан жана маалыматтарды иштеп чыгуу системаларынан пайдалануу укугу белгиленет жана ишке ашырылат.
Финансылык  чөйрөдө  авторизациялоо банктык төлөм карттарды, кредиттик жана башка карттарды пайдалануу учурунда жүргүзүлөт. Авторизациялоо – бул, эмитенттин карт ээсине банктык төлөм картын пайдалануу менен операцияны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарын же авторлугун тастыктоо жол-жобосун түшүндүрөт, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин картын пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документтерин аткаруу жагында эмитенттин эквайер алдындагы милдеттенмелери келип чыгат. Авторизациялоо автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш (телефон байланышы) аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан операция боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болуп саналса, авторизация эмитенттин кардарга ошол операцияны ишке ашырууга уруксаты катары эсептелинет.



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: