Меню
Эл-Сөздүк

Авторизация

Белгилүү бир адамга (жакка) кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө укук берүү процесси.
Маалымат  технологияларында авторизациялоо аркылуу ресурстардан жана маалыматтарды иштеп чыгуу системаларынан пайдалануу укугу белгиленет жана ишке ашырылат.
Финансылык  чөйрөдө  авторизациялоо банктык төлөм карттарды, кредиттик жана башка карттарды пайдалануу учурунда жүргүзүлөт. Авторизациялоо – бул, эмитенттин карт ээсине банктык төлөм картын пайдалануу менен операцияны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарын же авторлугун тастыктоо жол-жобосун түшүндүрөт, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин картын пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документтерин аткаруу жагында эмитенттин эквайер алдындагы милдеттенмелери келип чыгат. Авторизациялоо автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш (телефон байланышы) аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан операция боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болуп саналса, авторизация эмитенттин кардарга ошол операцияны ишке ашырууга уруксаты катары эсептелинет.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: