-
тең
-
тең
тең ата
тең бол-
тең жактуу үч бурчтук
тең жарым
тең кур
тең курбу
теңме-тең
тең тайлаш
тең тайлашуу
-
тең
-
сын. 1. Бирдей; барабар. Кең жер — улуу, кичүүгө тең жер (макал).
- 2. Бир бүтүндүн жартысы, жарымы. Айдын теңи жарык, теңи караңгы. Үйдүн теңи сеники, теңи меники.
- 3. Курдаш; жашташ. Ээрчишип баскан жашымдан, Теңим аман барсыңбы (Токтогул). Көрөмбү деп жүрчү элем Бирге өскөн сендей теңимди (Токтогул).
- 4. Эрди-катындын, күйөө-колуктунун бири. Сабиранын бүткүл ою, санаасы жаштыктын мөмөсүн бирге таткан теңинде (Сасыкбаев). Кыз алган теңи.
- 5. Баары, бүт. Айтып турган төрт Мамыт, Төртөө тең керек жан экен («Эр Төштүк»).
♦ Теңме-тең — бипбирдей, бирдей өлчөмдө. Эки тең — унаанын эки жагына теңдеп артыла турган, теңделип артылгыдай (жүккө карата). Эки тең отун алалык (Калык). Тең жарым — бир нерсенин тең экиге бөлүнгөн жартысы. Чаргын боорсоктун тең жармысын бөлө тиштеди (Сыдыкбеков). Тең орток — бир нерсенин жарымына энчилеш, бир нерсеге ортоктош. Кене, түлкү тең орток болуп буудай айдашты (Мидин). Таң ата к. ата I. Тең тууган — туугандык, тек жагынан укугу бирдей, бири-бирине укугу тең. Теңине албоо — өзүн жогору саноо, бой көтөрүү, теңсинбөө. Үч жыл ээрчип сенден мен калбадым, Терс бурулуп теңиңе сен албадың (Абдыраманов).
Негизги мүнөздөмөлөрү |
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | тең |
Көптүк сан | теңдер |
Жөндөлүшү - "тең"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
Атооч Ким? Эмне? | тең |
Илик Кимдин? Эмненин? | теңдин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | теңге |
Табыш Кимди? Эмнени? | теңди |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | теңде |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | теңден |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
Атооч Кимдер? Эмнелер? | теңдер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | теңдердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | теңдерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | теңдерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | теңдерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | теңдерден |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр: