-
тең
-
тең
тең ата
тең бол-
тең жактуу үч бурчтук
тең жарым
тең кур
тең курбу
теңме-тең
тең тайлаш
тең тайлашуу
-
тең
-
сын. 1. Бирдей; барабар. Кең жер — улуу, кичүүгө тең жер (макал).
- 2. Бир бүтүндүн жартысы, жарымы. Айдын теңи жарык, теңи караңгы. Үйдүн теңи сеники, теңи меники.
- 3. Курдаш; жашташ. Ээрчишип баскан жашымдан, Теңим аман барсыңбы (Токтогул). Көрөмбү деп жүрчү элем Бирге өскөн сендей теңимди (Токтогул).
- 4. Эрди-катындын, күйөө-колуктунун бири. Сабиранын бүткүл ою, санаасы жаштыктын мөмөсүн бирге таткан теңинде (Сасыкбаев). Кыз алган теңи.
- 5. Баары, бүт. Айтып турган төрт Мамыт, Төртөө тең керек жан экен («Эр Төштүк»).
♦ Теңме-тең — бипбирдей, бирдей өлчөмдө. Эки тең — унаанын эки жагына теңдеп артыла турган, теңделип артылгыдай (жүккө карата). Эки тең отун алалык (Калык). Тең жарым — бир нерсенин тең экиге бөлүнгөн жартысы. Чаргын боорсоктун тең жармысын бөлө тиштеди (Сыдыкбеков). Тең орток — бир нерсенин жарымына энчилеш, бир нерсеге ортоктош. Кене, түлкү тең орток болуп буудай айдашты (Мидин). Таң ата к. ата I. Тең тууган — туугандык, тек жагынан укугу бирдей, бири-бирине укугу тең. Теңине албоо — өзүн жогору саноо, бой көтөрүү, теңсинбөө. Үч жыл ээрчип сенден мен калбадым, Терс бурулуп теңиңе сен албадың (Абдыраманов).
Склонение по падежам - "тең"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
Именительный Кто?, Что? | тең |
Родительный Чей? | теңдин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | теңге |
Винительный Кого?, Что? | теңди |
Местный Где?, У кого? | теңде |
Исходный Где?, У кого? | теңден |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
Именительный Кто?, Что? | теңдер |
Родительный Чьи? | теңдердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | теңдерге |
Винительный Кого?, Что? | теңдерди |
Местный Где?, У кого? | теңдерде |
Исходный Откуда?, От кого? | теңдерден |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке