-
кирпик
-
1. ресница;
кирпиктен тартса жыгылчудай (такой слабенький; щупленький, что) дёрни за ресницу, и он упадёт;
музоо кирпик длинные ресницы;
2. перен. мерлушковая оторочка на шубе;
кирпик какпай или кирпик-көзүн какпай не смыкая глаз;
кирпик үйрүн, каш какпай, сүйлөгөн адам человек, который говорит прямо без намёков;
кирпигим катынтыр у меня сна нет; меня одолевает бессонница;
нечен күндөн уктабай, кирпигим жаман катыптыр фольк. много дней я не спал, у меня бессонница;
кирпиктерине кир жугузбай балдарын таза багыптыр она очень заботливо воспитывала детей (букв. воспитывала чисто, не давая рссницам загрязниться);
сиздин кирпигинизге кир жугузбай багам я буду вас лелеять;
кирпиги тик (чаще о женщине) беззастенчивая, невыдержанная;
ачуусу кирпигине чыга түшкөн он вдруг пришёл в ярость;
кирпигим-кашым дебейт см. каш I.
-
кирпик
-
зат. Көз жапкагынын кырындагы (көздүн айланасындагы) майда кылдар. Кирпигин улам-улам ирмеп алды (Аалы). Шарип.. кош кирпигин.. бат-бат ирмеди (Бейшеналиев).
¨ Кирпик какпоо же кирпик ирмебөө — уктабоо, көз илбөө. Кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). Постто.. кирпик ирмебей тик турдум (Каралаев).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | кирпик |
Көптүк сан | кирпиктер |
Жөндөлүшү - "кирпик"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | кирпик |
Илик Кимдин? Эмненин? | кирпиктин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кирпикке |
Табыш Кимди? Эмнени? | кирпикти |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кирпикте |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кирпиктен |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кирпиктер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кирпиктердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кирпиктерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кирпиктерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кирпиктерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кирпиктерден |
Котормолордун мисалдары: кирпик
Кыргызча
Орусча
кирпик
ресница
Котормолордун мисалдары: кирпик
Кыргызча
Англисче
кирпик
eyelash
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кирпик