-
айыл
-
I зат. 1. Чогуу оокат-тиричилик өткөрүп, бирге конуп, бирге көчүп жүргөн, көбүнчө уруусуна, тууган-туушкандыгына карай топтолушкан бир топ үй, бир жерге чогуу үй тигип отурган же орунтук алып жайгашкан анчалык көп эмес эл орношкон пункт. Кызыл-Суунун өйүз-бүйүзү кырка конгон айыл (Жантөшев).
2. сүйл. Кичирээк кыштак, чакан эл орношкон жер. Колхоздун айлы мемиреп, Күн нуру көктөн төгүлгөн (Бөкөнбаев). Мына, өзүбүздүн колхозго да келип калдык, биздин айыл — биздин колхоз (Сыдыкбеков).
♦ Айыл-апа — айыл ичи, айылдаш кишилер, тегерегинде жашагандар. Айыл-апа коңшусун Аппак майга жыргаткан (Тоголок Молдо). Айыл чарба —дыйканчылык, мал багуу сыяктуу чарба иштерин өз кучагына алган эл чарбасынын негизги бир тармагы.
АЙЫЛ II зат. диал. Басмайыл.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | айыл |
Көптүк сан | айылдар |
Жөндөлүшү - "айыл"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | айыл |
Илик Кимдин? Эмненин? | айылдын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | айылга |
Табыш Кимди? Эмнени? | айылды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | айылда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | айылдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | айылдар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | айылдардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | айылдарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | айылдарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | айылдарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | айылдардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
- Айыл жыйыны
- Айыл чарба продукциясын сатып өткөрүү баасынын индекси
- Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эларалык фонду (ачөэф
- айыла
- айылатком
- Айылбашы
- айылда
- айылда-
- айылдаш
- айылдаштык
- айылдуу
- айылдык
- айылма-айыл
- Айылчарба жерлери
- Айылчарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду
- Айылчарба кооперативи
- Айылчарба товарын өндүрүүчү
- Айылчарбага арналган жер
- айылчы
- айылчыла
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
айыл