Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АЛБАРС

АЛБАРС — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан. Эпосто А. кылыч жасалганда ушул касиеттер толугу менен сакталгандыгы айтылат. А. кылычтын айрым жасалгаланышы жана табияттын тыш кереметтери төмөнкүчө чагылдырылат:
Атадан калган курч кылыч,
Борумун чабып чыгарган,
Уй майына сугарган
Караңгыда суурса
Кызыл өрттөй кызарган...
Бетине алтын чаптырган,
Кылычынын сабы алтын
Кармай турган жери алтын («Кысса Семетей бу-турур»),

А. ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун бири.
К. Айдаркулов


Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоалбарс
Множ. числоалбарстар
Склонение по падежам - "албарс"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?албарс
Родительный Чей?албарстын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?албарска
Винительный Кого?, Что?албарсты
Местный Где?, У кого?албарста
Исходный Где?, У кого?албарстан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?албарстар
Родительный Чьи?албарстардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?албарстарга
Винительный Кого?, Что?албарстарды
Местный Где?, У кого?албарстарда
Исходный Откуда?, От кого?албарстардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: