Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: инвестор Укук аналогиясы сындаш
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - АЛБАРС
 

АЛБАРС

 
АЛБАРС — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан. Эпосто А. кылыч жасалганда ушул касиеттер толугу менен сакталгандыгы айтылат. А. кылычтын айрым жасалгаланышы жана табияттын тыш кереметтери төмөнкүчө чагылдырылат:
Атадан калган курч кылыч,
Борумун чабып чыгарган,
Уй майына сугарган
Караңгыда суурса
Кызыл өрттөй кызарган...
Бетине алтын чаптырган,
Кылычынын сабы алтын
Кармай турган жери алтын («Кысса Семетей бу-турур»),

А. ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун бири.
К. Айдаркулов


албарс

 
албарс

Албарс

 
Албарс – сапаты эң жакшы болгон болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы ж.б. жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан (Манас энциклопедиясы. Т. 1. 75-б.).

албарс

 
зат. 1. Таза болот, курч болот. Албарс кылыч колунда, Каршы-терши кайсалап («Манас»). Албарс болсун жабдыгың, Шилтегенди кескендей (Осмонкул).
2. Тери ооруларын дарылоо үчүн колдонулуучу уу дары. Албарс менен күчала, Сүр куйрукка ачытты (Тоголок Молдо).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саналбарс
Көптүк саналбарстар
Жөндөлүшү - "албарс"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?албарс
Илик Кимдин? Эмненин?албарстын
Барыш Кимге? Эмнеге?албарска
Табыш Кимди? Эмнени?албарсты
Жатыш Кимде? Эмнеде?албарста
Чыгыш Кимде? Эмнеде?албарстан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?албарстар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?албарстардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?албарстарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?албарстарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?албарстарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?албарстардан

Найти все переводы слова "АЛБАРС" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛБАРС"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru