Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Албарсты

Албарсты – диндик демонологиялык түшүнүктөгү жин-шайтандын аял келбетинде элестетилген образы. Бул диний түшүнүк кыргыздарда байыртадан эле кеңири тараган. Адам уктаганда, жүрөк кагышы начарлап, деми кыстыгып, жаман түш көрүп кыйналган учурда, же төрөт учурунда каны көп кетип алсыраган аялдын оор абалын албарстынын басышы менен байланыштырып келишет. Мындай түшүнүктөр адамдын организминде болуучу кубулуштардын мыйзам ченемдүүлүктөрүнөн улам келип чыгары маалым (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 35-б.).

албарсты

зат. 1. Элдик ишеним боюнча: уктап жатканда же төрөт мезгилинде көрүнбөй келип басып муунтуучу, чачы саксайган, аял кебетесиндеги жан, азыткыч кара күч. Тултуюп Бөкөй отурат, Албарсты келип баскандай («Саринжи — Бөкөй»).
2. өт. Чачы саксайган, түрү суук (көбүнчө аялдарга карата).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоалбарсты
Множ. числоалбарстылар
Склонение по падежам - "албарсты"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?албарсты
Родительный Чей?албарстынын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?албарстыга
Винительный Кого?, Что?албарстыны
Местный Где?, У кого?албарстыда
Исходный Где?, У кого?албарстыдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?албарстылар
Родительный Чьи?албарстылардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?албарстыларга
Винительный Кого?, Что?албарстыларды
Местный Где?, У кого?албарстыларда
Исходный Откуда?, От кого?албарстылардан

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: