Меню
Эл-Сөздүк

Жаза

ЖАЗА – мамлекеттин атынан сот өкүмү боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөлүү деп таанылган күнөкөрлөрдү укугу менен эркиндигинен ажыратуу же чектөө менен корутундулана турган мажбурлоо чарасы (жаза). Ж. социалдык акыйкаттуулукту калыбына келтирүү, күнөкөрлөрдү түзөтүү, ошондой эле күнөкөрлөр менен башка жактардын дагын да кылмыш жасоосун алдыналуу максатында колдонулат. Ж. бирөөлөргө денебой жактан кыйноо тарттыруу же адамдык ар-намысын тебелөө максатын көздөбөйт. КРде төмөндөгүдөй жаза түрлөрү колдонулат: а) коомдук иштерге тартуу; б) жазапул ; в) үчилтик айып ; г) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишенимдүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу ; д) тартипке салуу аскер бөлүгүндө кармоо ; е) камак ; ж) эркиндигинен ажыратуу ; з) өлүм жазасы. Негизги жазалардан сырткары, төмөндөгүдөй кошумча жазалар да колдонулушу мүмкүн: а) атайын, аскердик же ардак наамынан, класстык ченинен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу ; б) мүлкүн тартып алуу. Ал эми жазапул салуу менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иштерди жасоо укугунан ажыратуу чаралары негизги жаза катарында да, кошумча жаза катарында да колдонула берет.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжаза
Көптүк санжазалар
Антонимдери
кылмыш
Жөндөлүшү - "жаза"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жаза
Илик Кимдин? Эмненин?жазанын
Барыш Кимге? Эмнеге?жазага
Табыш Кимди? Эмнени?жазаны
Жатыш Кимде? Эмнеде?жазада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жазадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жазалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жазалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жазаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жазаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жазаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жазалардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: