-
оор
-
1. тяжёлый;
таш түшкөн жеринде оор погов. камень тяжёл в месте своего падения;
оор жүк тяжёлый груз;
2. трудный;
оор иш трудное дело;
оорду колдон, жеңилди жерден алат он человек обязательный, обходительный (не обидит, всегда поможет);
оордун үстү, жеңилдин асты менен кайпып кетет
1) он рассуждает поверхностно;
2) он делает что-л. поверхностно, несерьёзно.
-
оор
-
сын.1. Салмагы чоң, салмактуу. Төөдөй балбан эч бир болбойт малдардан, Оор жүктү тарта берген чарчабай (Осмонкул).
2. Кыйын, өтө татаал. Согуштун оор күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). Туут кампаниясы кой чарбасындагы оор иш. («Коммунист»).
3. Калың, терең. Кар оор. Күн суук (Бөкөнбаев). Жакында оор түшкөн кар бүгүн нымшыгандай болуп, четинен эрий баштаптыр (Таштемиров).
♦ Оор улутунуу — терең, өтө катуу улутунуу. Бечара эне көзүн сүртүндү да,.. оор улутуна үшкүрдү (Касымбеков). Оор түн — караңгы, тунжураган, көзгө сайса көрүнгүс түн. Оор түн.. асман бүркөө, саат беште, Мемиреп эл уйкуда жаткан кезде (Шүкүрбеков). Оор түндүн тынчын алып зырылдап, Аркы-терки Автомобиль чабылган (Бөкөнбаев). Оор басырык — токтомдуу, салмактуу, көтөрүмдүү, токтоо. Тойчубек ойчул, оор басырык киши эмеспи (Баялинов). Оор жарадар — катуу, коркунучтуу абалдагы жарадар. Тараска ок тийип, оор жарадар болду (Сасыкбаев). Поповдун жарасы оор, ок сол жаккы. күң жилигин талкалап кетиптир (Жантөшев). Оор өнөр жайы жана оор индустрия — өндүрүш каражаттарын иштеп чыгаруучу өнөр жай тармактарынын жыйындысы. Оор мүнөз — салабаттуу, салмактуу, оор басырыктуу мүнөз. Оор тийүү — катуу таасир этүү, катуу таасир берүү.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | оор |
Көптүк сан | оорлор |
Жөндөлүшү - "оор"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | оор |
Илик Кимдин? Эмненин? | оордун |
Барыш Кимге? Эмнеге? | оорго |
Табыш Кимди? Эмнени? | оорду |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | оордо |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | оордон |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | оорлор |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | оорлордун |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | оорлорго |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | оорлорду |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | оорлордо |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | оорлордон |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
оор