Найдены по другим направлениям
-
өзөк
-
зат. 1. Өсүмдүктөрдүн сабагынын же тамырынын ортосундагы узатасынан кеткен көбүнчө жумшагыраак келген борбордук бөлүгү.
2. Өсүмдүктөрдүн жалбырак, гүл жана мөмө алуучу негизги бөлүгү, сабагы. Налгы кыйган өсүмдүк өзөктөрүнүн дүмүрлөрү учтарын соройтот (Сыдыкбеков). Өзөгү — бал, өзү — кант, Чөбү сонун Суусамыр (Барпы).
3. Ички тамак өтүүчү жолдор; ички бөлүк, ич. Кымыз өзөктү өрттөп баратат (Аалы).
4. Кандайдыр бир нерсенин ортосуна салынган нерсе же ортодогу бөлүгү. [Ашыр] бургунун өзөгүн.. катмарга житирди (Сасыкбаев). Кунан өгүз терисин Өзөк кылган булдурсун («Семетей»).
5. өт. Негиз, тамыр. Бул ырлардын өзөгүндө жаштын тунук романтикасы жатат («Ала-Тоо»). Бул жоболоңдуу, өзөгү күчтүү (Сасыкбаев).
♦ Өзөк жалгоо — бир нерсе шам-шум этип алуу, азыраак тамактануу. Ажар менен Каныбек аталадан ичип, өзөк жалгашты (Жантөшев). Өзөк караруу — аябай ачка болуу. Ажардын өзөгү карарды (Баялинов).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | өзөк |
Көптүк сан | өзөктөр |
Жөндөлүшү - "өзөк"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | өзөк |
Илик Кимдин? Эмненин? | өзөктүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | өзөккө |
Табыш Кимди? Эмнени? | өзөктү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | өзөктө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | өзөктөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | өзөктөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | өзөктөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | өзөктөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | өзөктөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | өзөктөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | өзөктөрдөн |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
өзөк