Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Парламенттик көзөмөл

ПАРЛАМЕНТТИК КӨЗӨМӨЛ – мамлекеттик көзөмөлдүн бир түрү. Негизинен жалпы саясий жана кээде админстративдик мүнөзгө ээ болот. Башкы усулдары жана тариздери ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе коюу, уяткаруу көрсөтмөсүн чыгаруу, интерпелляция, парламенттик маселе, парламенттик териштирүү болгон П. к-дүн парламентардык жана жарым президенттик республикаларда өкмөттүн ишмердигине көзөмөлдөөдө өзгөчө мааниге ээ болот. Президенттик республикаларда П. к-дүн өкмөттүн ишмердигине көзөмөл кылуудагы мааниси бир кыйла аз: анын негизги каражаты катары (өзгөчө учурларда) импичментке алып келүүчү парламенттик териштирүү кызматын кылат. Кийинки он жылдыкта адам укуктарынын сакталуусуна П. к. кылуу айрыкча мааниге ээ болууда. (кара:Омбудсмен).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: