Меню
Эл-Сөздүк

тал

тал (бот.)
тал-терек

тал

тал (бүтүн, даана)

тал

тал: тал түштө

тал-

тал-, талы-
тал кармоо
тал-тал
тал-талда

тал

I зат. Бутактары ийилчээк келген, ичке жалбырактуу, бадал түрүндө да өсүүчү жыгач өсүмдүгү. Ал экөөбүз тамдын артындагы чоң талдын көлөкөсүн жамындык (Сыдыкбеков). Булбулдун көркү ачылат Буралган кырчын тал менен (Токтогул).
ТАЛ II зат. Тарам-тарам болуп кеткен ичке нерселердин бир даанасы, айрым бир бөлүгү, бөлүнгөн бир тобу. Жалгыз тал көкүл чачы өрүмгө кирбей, каш үстүндө үлпүлдөөдө (Сыдыкбеков). Беденин бир тал сабагын Аманкул кармап кирди (Абдукаримов). Улуу-Чаттын тоолору өмүр бою бетине беш тал чөп чыкпагандай кубарып турат (Жантөшев). Бир тал жүзүм.
ТАЛ III этиш.1. Эси ооп калуу, эс-учун билбей калуу. Мен талып жыгылгандан кийин, бир канчалык убакыт өтсө керек (Жантөшев). Ат үстүнөн зил кусуп, Эр Олжобай талды дейт («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Чарчоо, талыгуу. Карай берип көз талды. Канаты талып алсырап, Конууну талга ойлоду (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: