Меню
Эл-Сөздүк

спецификация

ж.
1. (действие) спецификация, спецификациялоо (бир нерсени толук тизип айтуу, майда-чүйдөлөрүнүн баарын толук көрсөтүү);
2. (документ) спецификация (иштелип чыгарылган же чыгарылуучу буюмдардын, механизмдердин ж.б. сапатын, техникалык шарттарын жана башкаларын толук көрсөтүүчү документ).

Спецификация

СПЕЦИФИКАЦИЯЛОО (лат. spesificatio , species – түр, facere – кылуу) – 1) жарандык укукта менчик укугунун пайда болушуна алып келүүчү кайра иштетүү ыкмасы; 2) сунушталуучу же алып келип берилүүчү товарлардын тизмеси, мында алардын ар сорту, үлгүсү, артикулу жана зарыл учурларда баасы сыяктуу сапаттык көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт. С. – келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. С-нын бирнече түрү бар: а) жүктөлүп берилүүчү – товарлардын партиясына берилүүчү товар узатуучу документ; эгер товардын партиясы өз-өзүнчө жүк орундарынан турса, орундар боюнча С. түзүлөт; б) өндүрүш жүрүмүндө пайдаланылуучу же алынуучу продукту, чийкизат же материал туура келүүгө тийиш болгон талаптарды камтуучу жана сапатты баалоонун негизи катары кызмат кылуучу документ, келишимдин тиркемеси болуп саналат; в) эсепке карата С. – эсептешүү документинин бир бөлүгү.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: