Меню
Эл-Сөздүк

референдум

м. полит.
референдум (эң маанилүү маселелер боюнча жалпы элдин добуш бериши, калктын кароосуна коюу).

Референдум

РЕФЕРЕНДУМ (лат. referendum – билдирилүүгө тийиш болгон нерсе) – демократиянын ажырагыс өтө маанилүү институту. Шайлоолордон айырмаланып, Р. тушунда талапкер же белгилүү бир кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси эмес, Р-га коюлуп жаткан белгилүү бир маселе – мыйзам, мыйзам долбоору, конституция, конституцияга оңдоолор, тийешелүү мамлекеттин эларалык статусуна катышы бар маселелер, ички саясий маселелер анын объектиси болот. Плебисцит, т. а. калк жашаган аймактын саясий тагдыры тууралуу калктын өзүнөн сурамжылоо Р-дун өзгөчө таризи болуп саналат. Айрым өлкөлөрдө (Францияда) плебисцит Р-га караганда кыйла кенен түшүнүк катары эсептелет. КР мыйзамдары боюнча, Р. – мамлекет турмушундагы өтө маанилүү маселелер боюнча жарандардын мыйзамдарды жана башка чечимдерди кабыл алуу ыкмасы.

Референдум

референдум (жалпы элдик добуш берүү)
Перевести через онлайн Переводчик



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: