Меню
Эл-Сөздүк

Референдум

РЕФЕРЕНДУМ (лат. referendum – билдирилүүгө тийиш болгон нерсе) – демократиянын ажырагыс өтө маанилүү институту. Шайлоолордон айырмаланып, Р. тушунда талапкер же белгилүү бир кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси эмес, Р-га коюлуп жаткан белгилүү бир маселе – мыйзам, мыйзам долбоору, конституция, конституцияга оңдоолор, тийешелүү мамлекеттин эларалык статусуна катышы бар маселелер, ички саясий маселелер анын объектиси болот. Плебисцит, т. а. калк жашаган аймактын саясий тагдыры тууралуу калктын өзүнөн сурамжылоо Р-дун өзгөчө таризи болуп саналат. Айрым өлкөлөрдө (Францияда) плебисцит Р-га караганда кыйла кенен түшүнүк катары эсептелет. КР мыйзамдары боюнча, Р. – мамлекет турмушундагы өтө маанилүү маселелер боюнча жарандардын мыйзамдарды жана башка чечимдерди кабыл алуу ыкмасы.

референдум

зат. Эң маанилүү мамлекеттик маселелер боюнча жалпы элдин добуш бериши, калктын кароосуна коюлган суроо.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: