Menü
Эл-Сөздүк

Иммунитет дипломатический

Дипломатиялык иммунитет

Иммунитет дипломатический

ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ – дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иш-милдетин аткаруусуна тийиштүү деңгээлде шарт түзүп берүү максатында, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө, алардын башчылары менен кызматкерлерине иштеп жаткан өлкөдө өзгөчө укук менен артыкчылыктарды берүү. Д. и-тин юридикалык табияты бир эгемен мамлекет башка бирөөнүн бийлигине башийбегендигинде, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүк менен анын дипломатиялык жамааты мамлекеттин өзүн билдире тургандыгында турат. 1961-жылкы Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясына ылайык, Д. и. дипломатиялык өкүлчүлүк иммунитети, дипломатиялык жамаат жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн иммунитети болуп бөлүнөт. Биринчисине – дипломатиялык өкүлчүлүк имараттарынын колтийбестиги, мүлкү менен унаа каражаттарынын, кат-кабарларынын, архивинин иммунитети; салык иммунитети; өзүнүн борбору жана өз мамлекетинин дагы башка өкүлчүлүктөрү менен эч тоскоолдуксуз байланышуу укугу кирет. Жеке Д. и-ке – кертбашы менен туракжайынын колтийбестиги; өзү турган мамлекеттин кылмыш-жаза юрисдикциясынан, ошондой эле аткаруу аракетине карата жарандык жана административдик юрисдикциядан толук иммунитети; текшерүү (салык) иммунитети кирет. Дагы башка дипломатиялык өкүлчүлүк (административдик-техникалык жана тейлөө) жамааттары да азыноолак көлөмдөгү иммунитетке ээ.

Иммунитет дипломатический

дипломатиялык иммунитет
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Иммунитет дипломатический

Rusça Kırgız
Это не означает, иммунитет от исков, а правовой защиты варьируются от страны к стране. Бул жөн гана сот дооматтарынан эркин болуу эмес, анткени мыйзамдык коргоо ар өлкөдө ар кандай болот.
Иммунитет Омбудсмена (Акыйкатчы) распространяется также на его / ее жилища и рабочих помещений, багажные, личные и служебных автомобилей, переписка, средства связи и личные документы. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кол тийбестиги анын турак жайына жана кызматтык имарат жайына, кол жүгүнө, жекече жана кызматтык транспорт каражатына, кат-кабар алышуусуна, ал пайдаланган байланыш каражаттарына, ошондой эле ага таандык болгон документтерге да
Иммунитет экс-президента Кыргызской Республики распространяется на все его личные и официальные жилых и офисных помещений, его транспортных средств и на его сообщения, его архивов и любого другого имущества, документов, багажа и corresponden Кыргыз Республикасынын экс-Президентинин колтийгистик укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарлары

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: